Агартуу министрлиги: Өрт чыккан учурда бала бакчада балдар болгон эмес
Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн жалпы билим берүү мектебинин эски имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, өрт бүгүн болжол менен саат 08:00дө чыккан. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келип, жалынды чектөөгө алышкан.
Министрликтин маалыматына караганда, 1974-жылы курулган эски имаратта ашкана, китепкана жана үч сааттык режимде иштеген бала бакча жайгашкан. Анда эки тайпада 31 бала тарбияланат. Өрт чыккан учурда бала бакчада балдар болгон эмес.
Ошондой эле кыска мөөнөттүү бала бакчанын эмеректери сакталып калганы айтылды. Китепканадагы окуу китептери буга чейин окуучуларга таратылгандыктан, ал жерде китептер болгон эмес.
Мектептин 1994-жылы курулган жаңы имараты да бар. Окуу жай жалпысынан 220 окуучуга ылайыкталган, учурда анда 137 бала билим алат.
Министрлик бала бакчаны 10 сааттык иштөө режимине өткөрүү боюнча даярдыктар жүрүп жатканын кошумчалады.