Агартуу министрлиги: Сузак жана Чаткалдагы окуялар боюнча комиссия иштеп жатат

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 125

Агартуу министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак жана Чаткал райондорунда окуучулардын каза болушуна байланыштуу жагдайларды тактоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, комиссия учурда окуя болгон жерлерде иш алып барууда.

Ошондой эле мектептерде окуучулар арасындагы зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштер күчөтүлгөн. 2025-жылы «Э-Күндөлүк» мобилдик тиркемесине окуучулар көйгөйлүү жагдайлар тууралуу жашыруун билдире ала турган «Коркпо, билдир!» функциясы киргизилген.

Жаңы окуу жылынын алдында республика боюнча «Бактылуу бала — бактылуу үй-бүлө — ийгиликтүү мектеп» аттуу ата-энелер декадасы өткөрүлүп, «Ата-энелер мектеби» программасынын алкагында ата-эне, окуучу жана мугалимдердин байланышын бекемдөөгө багытталган иш-чаралар уюштурулган.

Мындан тышкары, мектептерде психолог кызмат орду киргизилип, окуучулардын психикалык саламаттыгын колдоого багытталган иштер жүргүзүлүүдө.

Министрлик окуучулардын коопсуздугун камсыздоо, зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча чаралар улантыларын белгиледи.

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 125
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X