Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Расул МАМАТОВ: “200 ОРУНДУУ IT МЕКТЕП АЧЫЛАТ”

Быйыл Бишкекте санариптик билим берүүнү өнүктүрүү, IT адистерди даярдоо боюнча Агартуу министрлигинин алдында “Мектеп 21 – санариптик технологиялар мектеби” ачылат. Буга багытталган токтомду Министрлер Кабинети кабыл алды. Жаңы ачыла турган мектепте кимдер окуйт, максаты кандай болот, бул тууралуу Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Расул Маматовдон маалымат алдык.

— Расул мырза, «Мектеп 21 – санариптик технологиялар мектеби» тууралуу кенен маалымат берсе ңиз, бул долбоордун башкы максаты кандай?

— Кыргызстанда IT адистерди акысыз окуткан «Мектеп 21» билим берүү уюмун ачуу пландалууда. Бул долбоор Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылы Россия Федерациясына жасаган иш-сапарында Россиянын «Сбербанк» ААКнын жетекчиси Герман Грефтин макулдашуусунун негизинде ишке ашууда. Андан кийин өлкөдө Мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде мектепти ачууга алгачкы аракеттер көрүлө баштаган. Ал эми жакында мектепти ачуу боюнча Министрлер Кабинетинин Токтому кабыл алынды. Бул долбоор менен өлкөдө санариптик IТ адистери даярдалып чыгат.

— Мектеп кайсы жерде жайгашат, анда кимдер билим алышат?

— Санариптик технологиялар мектебинин имараты Бишкекте жайгашат. Борборубуздагы №99 лицейдин аймагында иштетилбей турган 2 имарат бар. Ал окуу корпусу 2000 метр квадратты түзөт. Жатаканасы да бар. Мектептин дизайн долбоорлору Россиянын “Сбербанк” ААКысы тарабынан иштелип чыгып, бизге берилген. Ушу тапта аталган имаратта реконструкция иштерин Курулуш министрлиги жүргүзүүдө. Жа ңы мектептин директору, тиешелүү кызматкерлери болот. Учурда кадрларды тандоо жүрүүдө.

— Каржылоо кандай чечилген?

— Жа ңы мектепти куруу ишин толугу менен Кыргыз Өкмөтү каржылайт. Бүгүнкү күнгө каражат маселелери чечилген. Ал эми Россия тарап мектепке керектүү акыркы үлгүдөгү компьютер жабдыктарды алып берет. Техникаларга жалпы чыгым 105 млн рублдин тегерегинде мерчемделүүдө.

— Бул мектеп качан ачылып ишке берилет?

— Мектепти быйыл жай мезгилдерине ачуу пландалууда. Тагыраагы, июль айында эшигин ачат. Бул мектеп IT тармагынын адистерин даярдайт. Катардагы мектептен айырмачылыгы- ал жерде предметтерди окуткан эч кандай мугалим болбойт, лекция болбойт. Студенттер команда менен иштеп, практикалык тапшырмаларды аткарышат. IT адистигине багытталган окутуу платформасынын негизинде окушат.

— Мектепке кабыл алуудагы талаптар, окуу мөөнөтү, окуу акысы кандай болот?

— Окуу толугу менен акысыз жана жашы 18 жаштан жогорку бардык каалоочуларга жеткиликтүү болот. Диплом же иш тажрыйба талап кылынбайт. Кабыл алууда IT боюнча баштапкы тапшырмалар берилет. Тапшырмаларды жетиштүү де ңгээлде аткаргандар мектепке кабыл алынат. Мектеп 200 орунга ылайыкталууда. 24 саат бою иштейт. Бардык заманбап шарттар менен камсыздалат. Окуу мөөнөтү 1 же 1,5 жылды түзөт. Бүгүн IT адистери жогорку айлыктарды алып жатканы белгилүү, ошондуктан, бул кесиптин ээлери келечектүү.

— Бул долбоор КМШнын кайсы мамлекеттеринде ишке ашууда?

— Бизден тышкары КМШ мамлекеттеринин ичинен Өзбекстанда ишке ашууда. Бирок, Өзбекстанда алгачкы бүтүрүүчүлөр чыга элек. Ал жакта ачылганына 1 жыл толо элек. Ал эми Россия Федерациясында долбоордун жыйынтыктары менен караганда натыйжалуу, перспективдүү десек болот.

Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X