АГРОКАМСЫЗДАНДЫРУУ ДЫЙКАНДАРДЫ ТОБОКЕЛЧИЛИКТЕРДЕН КОРГОЙТ

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 21

Кыргызстанда 2021-жылдан тарта жаратылыштагы ар кандай климаттык өзгөрүүлөр катталып жаткандыгына байланыштуу дыйкан-фермерлерди түрдүү тобокелдиктерден коргоо үчүн аракет көрүлүп келет.  Анүчүн айыл чарбасында мамлекет тарабынан колдоого алынган камсыздандыруу жөнүндө мыйзам долбоору да иштелип чыккан.  Бирок, азырынча бул мыйзам кабыл алына элек. Ошентсе да жалпы камсыздандыруу мыйзамдарында агрокамсыздандыруу ишке ашырылып келет.

Дегеле, Кыргызстанда айыл чарба тармагын камсыздандыруу системасы 2009-жылы «Өсүмдүк өстүрүүдө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Бирок, бул мыйзам да толук ишке кирген эмес. Натыйжада, дыйкандар үшүк, кургакчылык, суу ташкыны, мөндүр жана түшүмдөн кол жууп калуу коркунучтарына туш болуп келишет.

Ал эми бизге коңшулаш мамлекеттерде агрокамсыздандыруу иштери жолго коюлуп, натыйжа берип жатат. Алсак, Россия 2012-жылы айыл чарба камсыздандыруусун өнүктүрүү боюнча федералдык мыйзам кабыл алган жана 2013-жылдан бери айыл чарба өсүмдүктөрү гана эмес, мал да камсыздандырууга жатат. Камсыздандыруу төгүмүнүн жарымы бюджет тарабынан жабылат. Казакстан 2020-жылы ыктыярдуу айыл чарба камсыздандыруу системасын ишке киргизген. Мамлекет камсыздандыруу төгүмүнүн 50%ын субсидиялайт, ал эми 2021-жылдан баштап бул көрсөткүч 80%га чейин өскөн. Беларусия 2008-жылы айыл чарба камсыздандыруусун айрым өсүмдүктөр жана мал чарбасы үчүн милдеттүү кылган.

Ошентип, учурда Кыргызстан ЕАЭБге кирген өлкөлөр арасында айыл чарба камсыздандыруу системасы ишке ашырыла элек жалгыз өлкө бойдон калууда.  Адистердин айтымында, эгер агротармак камсыздандырылса Кыргызстанды ЕАЭБ стандарттарына жакындатат жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу жана айыл калкынын 65%ынын бакубаттуулугу көз каранды болгон айыл чарба тармагынын туруктуулугун жогорулатат.

Биз Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башкы адиси Адилет Нарынбековго кайрылып,  бул жаатта ведомство кандай иш-аракетте болуп жаткандыгын сурадык.

— Адилет мырза,  ушул күндөрү  жазгы талаа жумуштары башталып, айыл чарбасында иш кызуу жүрүп жаткан убак.  Ага катарлаш жаратылыштык ар кандай климаттык өзгөрүүлөр да орун алууда. Жаздын эрте келиши тууралуу маалыматтар бар. Бирок, мындайда үшүк жүрүп, көп дыйкандар жабыр тартып калышчу эле. Андыктан мамлекет айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча кандай иштерди жүргүзүүдө. Дегеле, агрокамсыздандыруу боюнча кандай иш-аракеттер бар?

— Туура айтасыз. Учурда талаа жумуштары башталып, иш кызыганы турат. Ошол эле чакта аба ырайынын ар кандай шарттары да өз “сюрприздерин” көрсөтүп калат эмеспи.   Кыргызстанда 2009-жылы «Өсүмдүк өстүрүүдө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Бирок, ал толук кандуу иштеп кете алган эмес. Биз баарыбыз айыл чарбасы өтө кооптуу тармак экендигин жакшы билебиз. Табият кырсыктары айттырбай келип,  мал чарбасын, талаачылыкты зыянга учураткан учурлар жок эмес. Ал зыяндардын кесепети да оор болуп калган учурлар көп. Ошол себептен агротармакты камсыздандырууга көңүл буруп, аны жолго коюу аракети анын татаал болгонуна карабай көрүлүп келет. Биздин министрлик, башка тиешелүү министрликтер менен биргеликте дыйкан-фермерлерди колдоо максатында “Айыл чарбасын мамлекеттик колдоо менен камсыздандыруу” жөнүндө  мыйзам долбоорун даярдаганбыз. Бирок, бул мыйзам азырынча кабыл алына элек.

— Негизи дыйкандар өздөрү камсыздандырууга кандай карашат?

— Камсыздандыруу ыктыярдуу болгондуктан ар ким ар кандай көз карашта. Тобокелчилиги көп аймакта жашагандар камсыздандырууга кызыкдар. Ал эми камсыздандыруу уюмдарында тобокелчилик жогору. Анткени, жаратылыш кырсыктары ар кимди ар кандай деңгээлде зыянга учуратат. Мисалы, дыйкан бир гектар жер аянттагы  алма бакты камсыздандырды дейли. Үшүк ал аянттагы алмалардын баарына зыян тийгизсе, камсыздандыруу уюму чыгымды толук төлөп бергенге туура келет. Бул да алар үчүн чоң тобокелдик. Андыктан камсыздандыруу төлөмдөрү да жогору коюлат.  Дыйкан ага көнө бербейт. Ошондуктан бул маселени азырынча мамлекеттин колдоосу жок эч ишке ашырууга мүмкүн болбой турат. Негизинен ири фермалар камсыздандырууга кызыкдар. Алар чарбасын өнүктүрүү үчүн көп сумма жумшашат. Андан кандайдыр бир табигый кырсыктардан улам кол жууп калууну каалашпайт. Бирок, айыл чарбасы өтө тобокелчилиги көп багыт, тармактын кирешелүүлүгү да бар.

— Асыл тукум чарбаларында  камсыздандыруу иштери жүргөндүгүнөн кабарыбыз бар?

— Агрокамсыздандыруу такыр эле иштебейт деп айтууга болбойт. Жалпы камсыздандыруу боюнча мыйзам бар. Анын негизинде камсыздандыра берсе болот. Айыл чарба тармагы боюнча 3 уюм лицензия алган. Алар иштеп жатышат.  Камсыздандырууда атайын тарифтер аныкталат.  Мисалы, буудайдыкы өзүнчө, алма бактыкы өзүнчө дегендей.  Агрокамсыздандыруу чындыгында дыйкан үчүн маанилүү. Анткени, камсыздандыруу аны тобокелдиктен коргойт. Дыйкандар тобокелчилиги көп аймактарда иш жүргүзгөн чакта камсыздандырууга сөзсүз көңүл буруулары керек.

Жазгүл Кенжетаева

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X