Ахмедов: Маалыматтык ачыктык жана ишеним заманбап медианын негизги багыты
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин медиафорумунда Өзбекстан президентинин администрациясынын ЖМК үчүн контент даярдоо борборунун директору Кобулжон Ахмедов маалыматтын коомдогу жана мамлекеттер аралык байланыштагы маанисин белгиледи.
Ал Кыргызстанга форумду жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күндө медиа каражаттары окуяларды чагылдыруу менен гана чектелбестен, элдер ортосундагы диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөчү маанилүү курал болуп калганын айтты.
Ахмедов ШКУ өлкөлөрү жалпы максат — туруктуулукту камсыз кылуу, кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишенимди бекемдөө багытында биригип жатканын белгиледи. Ошондой эле ал жалган маалыматтарга каршы күрөшүү, объективдүү жана ишенимдүү маалымат мейкиндигин түзүү зарылдыгын айтты.
Ал Өзбекстанда ЖМКларды колдоо, санариптик технологияларды өнүктүрүү жана жаңы муундагы журналисттерди даярдоо боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, жасалма интеллект медианын келечегинде чоң роль ойной турганын айтып, аны колдонууда маалыматтын тактыгы жана этикалык принциптер маанилүү экенин белгиледи.
Ахмедов ШКУ өлкөлөрү медиа, санариптик коммуникация жана маалымат алмашуу багытында кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.