Айбек Байдалиев, ӨКМге караштуу Токой кызматынын орун басары: Арстанбап жөн гана токой эмес, бул – дүйнөлүк мурас

Жалал-Абад облусунда өткөн «Кыргыз Республикасынын жаңгак-мөмө токойлору» аттуу эл аралык илимий конференция дүйнөдөгү эң ири реликттүү жаңгак-мөмө токойлорунун келечегине байланышкан олуттуу маселелерди көтөрдү. Европа менен Азиянын 20дан ашуун өлкөсүнөн келген окумуштуулар, экологдор, токой чарба адистери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Арстанбаптагы уникалдуу токойлордун абалы менен жеринен таанышып, аларды сактоо боюнча сунуштарын беришти.
Конференциянын жыйынтыгы, жаңгак токойлорунун келечеги жана аларды коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу КР ӨКМүнө караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары Айбек Байдалиев менен маектештик.

– Эл аралык илимий конференциядан кийин жаңгак-мөмө токойлорун сактоо боюнча иштер күч алат деп ишеним артсак болобу?
– Албетте. Конференция жөн гана талкуу аянтчасы болуп калбайт. Эки күндүн ичинде окумуштуулардан, эксперттерден жана өнөктөш уюмдардан жалпысынан 56 сунуш түштү. Учурда алардын баары системалаштырылып, жыйынтыктоочу резолюцияга киргизилип
жатат.

Биз катышуучуларга дагы кошумча сунуштарды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк бердик. Бардык сунуштар топтолгондон кийин документтин акыркы варианты даярдалып, Министрлер Кабинетине, Жогорку Кеңешке, жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жөнөтүлөт.
Эң негизги максат жаңгак-мөмө токойлорунун көйгөйлөрүнө коомчулуктун жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу. Анткени бул токойлор Кыргызстан үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн баалуу жаратылыш мурасы болуп эсептелет.

Мындан тышкары жакынкы мезгилде жаңгак-мөмө токойлорун өнүктүрүүнүн жол картасы иштелип чыгат. Резолюциядагы сунуштар кагаз жүзүндө калбашы керек. Ар бир сунуш боюнча иш-чаралар планы даярдалып, каржылоо булактары аныкталат.

Жаңы жаңгак токойлорун көбөйтүү боюнча да иштер жүргүзүлөбү?
– Бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Жыл сайын республика боюнча орточо эсеп менен 2 миң гектарга жакын жаңы токой отургузулат. Анын эң чоң бөлүгү Жалал-Абад облусуна туура келет.
Облуста жыл сайын 600–700 гектар жаңы токой аянты түзүлүп, анын 400–500 гектарына жаңгак көчөттөрү тигилет. Демек, жаңгак токойлорун көбөйтүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты бойдон калууда.

– Жаңгак табиятынан Жалал-Абад облусу гана ылайыктуубу?
– Кыргызстанда токойлордун бир нече негизги тиби бар. Ийне жалбырактуу токойлор, карагай, арча жана жаңгак токойлору. Ар бир дарактын өзүнө ылайык жаратылыш шарты болот.

Мисалы, жаңгакты карагай өскөн бийик тоолуу аймактарга алып барып тиге берсек, ал жакшы өнүкпөйт. Табият ар бир өсүмдүктү өзүнө ылайык жерде жараткан. Биздин милдет – ошол мыйзамченемдүүлүктү бузбай, жаратылыш берген байлыкты сактап калуу.

Мен өзүм Ысык-Көлдөн болом. Биздин короодо дагы жаңгак өсөт. Бирок бул ал жерде чоң жаңгак токою пайда болот дегенди билдирбейт. Токой түзүү үчүн климаттык, топурактык жана нымдуулук шарттары толук шайкеш келиши керек. Ошондуктан жаңгак токойлорун алардын табигый ареалында сактап, көбөйтүү эң туура жол.

Конференцияда токойлордун оорулары жана зыянкечтери тууралуу дагы сөз болду. Бул маселе канчалык кооптуу?
– Акыркы жылдары түгөйсүз жибек көпөлөгү тууралуу көп айтылып жатат. Бирок эл аралык эксперттердин маалыматына караганда, бул зыянкеч дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө кездешет.
Европада да, Азияда да, Америкада да ушундай көйгөй бар. Ал тургай эң өнүккөн өлкөлөрдө күчтүү лабораториялар, ири илимий борборлор жана авиациялык техникалар колдонулганына карабастан, бул зыянкечти толук жок кылуу мүмкүн болбой келет.

Чет өлкөлүк адистер биздин кызматкерлердин ишин жогору баалашты. Алардын пикиринде, мүмкүнчүлүктөр чектелүү болсо да кыргызстандык токойчулар зыянкечтердин массалык жайылышына жол бербей, токойлордун туруктуулугун сактап келе жатышат. Бул баа биздин адистердин эмгегинин натыйжасы гана эмес, келечектеги эл аралык колдоолорго дагы жол ачат.

– Арстанбаптагы жаңгак-мөмө токойлоруна эл аралык уюмдардын көңүлү бурулуп, бир катар долбоорлор ишке ашууда. Мындай колдоого кантип жетиштиңиздер?
– Эл аралык уюмдар жөн эле келип көрүп алып каражат бөлүп коюшпайт. Бул көп жылдык аракеттин жыйынтыгы. Биз жаңгак токойлорун сактоо боюнча бир катар долбоорлорду даярдап, өнөктөштөргө сунуштап келгенбиз. Алардын ар биринде аткарылчу иштер, керектүү каражат жана күтүлгөн жыйынтыктар так көрсөтүлгөн.

Бүгүн көрүп жаткан колдоолорубуз дал ошол эмгектин жемиши. Ал эми конференциянын Министрлер Кабинетинин демилгеси менен өткөрүлүшү мамлекет бул маселеге өзгөчө көңүл буруп жатканын көрсөттү.

– Токойлорго эң чоң басым жасаган көйгөйлөрдүн бири мал жаюу экен. Бул маселени чечүүнүн жолу барбы?
– Малдын токойго кирүүсүн толугу менен токтотуу мүмкүн эмес. Анткени жергиликтүү калктын жашоо-турмушу менен дагы эсептешүү керек. Ошондуктан маселе комплекстүү чечилиши зарыл. Бир жагынан малдын санын акырындык менен кыскартып, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү керек болсо, экинчи жагынан элге кошумча киреше булактарын түзүү маанилүү.

Мисалы, туризмди өнүктүрүү, токой жемиштерин кайра иштетүү жана чакан өндүрүштөрдү түзүү аркылуу жергиликтүү тургундар кошумча киреше таба алышат. Натыйжада токойго болгон басым дагы азаят.
Бул багыттар 2040-жылга чейин токой тармагын өнүктүрүү концепциясында дагы негизги артыкчылыктардын бири катары каралган.

– Арстанбапта туризмди өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жетиштүүбү?
– Албетте. Арстанбапта белгилүү эки шаркыратма, үч кооз көл жана ондогон туристтик маршруттар бар. Бул жерлерге жыл сайын миңдеген туристтер келишет.

Бирок Токой кызматынын негизги милдети туризм эмес. Биз токойлорду сактоо, коргоо жана көбөйтүү менен алектенебиз. Туризм багытындагы иштерди негизинен жергиликтүү ишкерлер жана туроператорлор жүргүзүшөт. Ошентсе да экотуризмди өнүктүрүү токойлорду сактоого жардам берет. Анткени жергиликтүү эл токойду кыйып же ашыкча пайдаланбастан, аны сактоо аркылуу киреше табууга кызыкдар болуп калат.

– Эң башкысы конференциядан жыйынтык сиз күткөндөй болдубу?
– Конференция дүйнөдөгү эң ири реликттүү жаңгак-мөмө токойлорунун бири болгон Арстанбаптын көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөлүк деңгээлде талкуулоого шарт түздү. Эки күндүн ичинде токойлордун абалы, зыянкечтерге каршы күрөшүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, санариптик технологияларды колдонуу, токой экономикасын өнүктүрүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча баалуу сунуштар айтылды.

Эң башкысы жаңгак-мөмө токойлорун сактоо бүгүнкү муундун гана эмес, келечек муундардын алдындагы жоопкерчилиги экени дагы бир жолу баса белгиленди. Анткени Арстанбап жөн гана токой эмес. Ал кыргыз элине мурас болуп калган, дүйнөдө сейрек кездешкен жаратылыш байлыгы. Аны сактоо мамлекеттин да, коомдун да, ар бир жарандын да ыйык милдети.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X