Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты.
Мэрге ЖЭБдин негизги жабдууларынын абалы, оңдоо иштеринин жүрүшү, өндүрүштүк-экономикалык көрсөткүчтөрү жана отун базасын даярдоо тууралуу маалымат берилди.
Көчмө жыйын учурунда Бишкектин жылуулук-энергетикалык комплексинин абалы, жылытуу мезгилине даярдык жана шаар тургундарын жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Айбек Джунушалиев негизги энергетикалык жабдууларды оңдоону, жылуулук тармактарын даярдоону жана отун менен камсыздоону өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.
Ошондой эле бардык энергетикалык жана жылуулук объектилеринин техникалык даярдыгын камсыз кылып, күз-кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иштөөгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Жооптуу жетекчилерге даярдык иштеринин жүрүшүн туруктуу көзөмөлдөө тапшырмасы берилди.