Айбек Джунушалиев көп жылдан бери бүтпөй жаткан эки курулушка бир айлык акыркы мөөнөт берди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көп жылдан бери бүтпөй келе жаткан эки курулуш объектисин жеринен текшерип, курулуш иштерин жандандырууга бир айлык мөөнөт берди. Талап аткарылбаса, келишимдерди бузуу жана объекттерди мамлекеттик менчикке өткөрүү маселеси караларын эскертти.
Алгач калаа башчысы Орозбеков көчөсү, 72 дарегинде жайгашкан Ala Tower көп функционалдуу борборунун курулушуна барды. «Шаако Строй» ЖЧКсы куруп жаткан төрт деңгээлдүү унаа токтотуучу жайы бар объекттин курулушу 2024-жылы башталганына карабастан, азыркыга чейин аяктай элек.
Курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда мэр иштерди токтоосуз күчөтүүнү талап кылып, бир ай ичинде курулуштун реалдуу темпин камсыздоону тапшырды. Белгиленген мөөнөттө жыйынтык болбосо, тиешелүү кызматтарга келишимди мыйзам чегинде бузуу маселесин кароо тапшырмасы берилди.
Андан соң Айбек Джунушалиев Байтик Баатыр көчөсүндөгү 60, 62 жана 64-даректерде жайгашкан дагы бир узак мөөнөттөн бери бүтпөй жаткан курулушту текшерди. Бул жерде «Мастер Групп» ЖЧКсы көп кабаттуу турак жайларды куруп жатат.
Аталган турак жай комплексинин курулушу 2014-жылы башталганына карабастан, ушул күнгө чейин бүткөрүлгөн эмес. Бул объект боюнча да курулуш иштерин жандандыруу үчүн бир айлык мөөнөт берилди.
Мэр Биринчи май районунун акимине жана тиешелүү шаардык кызматтарга абалды өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Эгерде курулуш компаниялары коюлган талаптарды аткарбаса, мыйзамда каралган чаралар көрүлүп, анын ичинде объекттерди мамлекеттик менчикке өткөрүү мүмкүнчүлүгү да каралат.