Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Мадина» базарынын айланасындагы кырдаалга чекит коюп, ишкерлерди жаңы соода жайына көчүрүү боюнча чечимдерди билдирди.
Мэрдин айтымында, «Мадина» базары да, көчүрүлө турган жаңы базар да жеке менчик объектилер болуп саналат. Мэрия алардын чарбалык ишине кийлигишпейт, бирок ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча чараларды көрөт.
Айбек Джунушалиев мурда берилген базарды жабуу тууралуу билдирүү кайра чакыртыларын маалымдады. Ошондой эле ишкерлерге жаңы жайга ыңгайлашуу үчүн кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мөөнөт берилет.
«Мадина» базары 1-августтан тарта жабылбайт», — деди мэр.
Ал буга чейин ишкерлер менен бирге жаңы базарга барып, шарттарды текшергенин белгиледи. Текшерүүдө соода орундарын толук ишке киргизүүгө тоскоол болгон бир катар кемчиликтер аныкталган.
Мындан тышкары, жаңы базардын ээлерине ишкерлер үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү, анын ичинде ижара маселесин кайра кароо тапшырылды. Мэрдин айтымында, ижара укугун өткөрүп берүү же сатуу учурдагы тартипте каралган эмес.
Ошондой эле «Мадина» базарынын ээлерине аймакты шаардын Башкы планына ылайык өнүктүрүү жана көрктөндүрүү боюнча долбоор сунуштоо милдети жүктөлдү.
Шаар жетекчиси базардагы санитардык абал, унаалардын башаламан токтотулушу жана коомдук тамактануу жайлары боюнча тургундардан көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын белгиледи.
«Ишкерлерге кам көрүү менен катар шаар тургундарынын кызыкчылыгын да эске алышыбыз керек. Соода коопсуз жана заманбап шарттарда жүргүзүлүшү зарыл», — деди Айбек Джунушалиев.
Мэр шаардагы базарларды жаңылоо иштери мындан ары да улана турганын кошумчалап, «Орто-Сай», «Кудайберген» жана «Дордой» базарларында инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.