Айбек Джунушалиев «Орто-Алыш» суу топтомосундагы иштер менен таанышты

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Орто-Алыш» суу топтомосундагы суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.

Учурда суу топтомосунун аймагында 12 толуктоочу көл иштеп жатат. Быйыл «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын өздүк каражатынын эсебинен он экинчи көл курулуп, ал объекттеги эң ири толуктоочу көл болуп калды. Аны жакынкы бир айдын ичинде пайдаланууга берүү пландалууда.

Маалыматка ылайык, жаңы көлдүн курулушу жер астындагы суу запастарын жасалма жол менен толуктоо көлөмүн көбөйтүп, «Орто-Алыш» суу топтомосунун натыйжалуулугун арттырууга жана борбор калааны ичүүчү суу менен туруктуу камсыздоого шарт түзөт.

«Орто-Алыш» суу топтомосу Бишкек шаарынын тургундарынын 40 пайыздан ашыгын ичүүчү суу менен камсыз кылган стратегиялык объект болуп саналат. «Бишкексууканалдын» маалыматына ылайык, учурда бардык толуктоочу көлдөр суу менен толтурулуп, суу ресурстарынын тартыштыгы катталган эмес.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев алдыдагы ысык күндөрдө шаарды үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу негизги милдет бойдон каларын белгилеп, шаар калкынын сууга болгон муктаждыгы жыл сайын өсүп жатканын айтты.

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X