Айбек Жунушалиев: Бишкек 700 миң унаага туруштук бере албай калды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жарандар менен болгон жолугушууда борбор калаадагы жол тыгыны жана автоунаалардын көбөйүшү олуттуу көйгөйгө айланганын билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкекте болжол менен 700 миңге жакын автоунаа катталган. Бирок шаардагы жол инфраструктурасы болгону 300 миң унаага ылайыкталып курулган.
Мэр ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда унаа токтотуучу жай жетишсиз болуп жатканын белгиледи. Ошого карабастан, айрым тургундар 4-5тен автоунаа сатып алып жатышканын айтты.
“Короолордо орун жок болсо дагы, жарандар дагы деле кошумча унаа сатып алууга шашылып жатышат”, — деди Айбек Жунушалиев.
Шаар бийлиги учурда жол инфраструктурасын кеңейтүү жана тыгын маселесин азайтуу боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.