Айбек Жунушалиев жогорку көрсөткүч көрсөткөн кызматкерлерге 50 миң сомдук сертификат тапшырды

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121

Бишкекте жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен шаардык кызматтардын кызматкерлерине 50 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

2-октябрда мэриянын алдында өткөн аземде шаар мэри Айбек Джунушалиев Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын 10 кызматкерине сертификаттарды тапшырды.

Мэр эки түзүмдүн натыйжалуу ишин белгилеп, кызматтык милдеттерди жоопкерчилик менен аткаруунун маанилүүлүгүн айтты. Анын белгилешинче, кызматкерлерди материалдык жактан колдоо алардын жоопкерчилигин, демилгелүүлүгүн жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Жыл башынан берки 9 айда Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан 8,5 миңге жакын объект демонтаждалып, муниципалдык менчиктеги 267 миң чарчы метр жер тилкеси бошотулган. Ошондой эле 76,1 млн сом өлчөмүндө 2,1 миң протокол түзүлүп, алардын дээрлик 2 миңи боюнча 56 млн сом өндүрүлгөн.

Ал эми Муниципалдык инспекция ушул мезгилде 787 рейд өткөрүп, 42 миңден ашык объектти жана чарба жүргүзүүчү субъектти текшерген. Жыйынтыгында 14,5 миңге жакын административдик укук бузуу аныкталып, 118,2 млн сом айып пул салынган. Анын ичинен 57 млн сомдон ашыгы өндүрүлгөн.

Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын негизги максаты айып пул салуу же объектилерди демонтаждоо эмес, мыйзамдардын жана көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу экенин белгиледи. Ошондой эле кызматкерлерди шаар тургундары менен иштөөдө сылык болууга жана биринчи кезекте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Мэрдин маалыматына караганда, жыл аягына чейин жогорку жыйынтык көрсөткөн кызматкерлерге ай сайын 50 миң сом өлчөмүндө материалдык сый акы берүү каралган.

Мындан тышкары, шаардык кызматтардын техникалык базасы да жаңыланууда. Муниципалдык инспекцияга 29, ал эми Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына 14 автоунаа берилген.

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X