Аида Исатбек кызы Эмгек министринин орун басары болуп дайындалды

13-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде кадрдык өзгөрүү болуп, министрдин жаңы орун басары жамаатка тааныштырылды.

Ведомстводон билдиришкендей, жаңы дайындалган орун басарды президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы Жыпариса Рыспекова тааныштырды.

Маалыматка ылайык, дайындоо Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевнин тескемесинин негизинде ишке ашырылган.

Жаңы дайындалган орун басар Аида Исатбек кызы көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Аида Исатбек кызы бул кызматка буга чейин иштеп келген Айнура Орозбаеванын ордуна дайындалды.

13-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X