Аида Касымалиева,Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү: “Кыргызстан — эл аралык жардам алуучу өлкөдөн, глобалдык жоопкерчиликти бөлүшкөн мамлекетке айланып жатат”
2026-жылдын июнь айы Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхындагы өзгөчө учурлардын бири катары тарых барактарына жазылды. Өлкө алгачкы жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланып, дүйнөлүк деңгээлдеги эң маанилүү чечимдер кабыл алынган аянтчада өз үнүн угузууга мүмкүнчүлүк алды. Калкынын саны жети миллиондон ашкан жаш мамлекет үчүн бул жетишкендик өлкөнүн көз карандысыздык жылдарында жүргүзгөн тышкы саясатынын, эл аралык кызматташтыктагы ишенимдүү өнөктөш катары калыптанганынын жана дүйнөлүк коомчулуктун ишенимине ээ болгонунун айкын көрсөткүчү. Бул тарыхый жеңиштин мааниси, анын Кыргызстан үчүн ачкан жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана дипломатиядагы аялдардын орду тууралуу Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева менен маектештик.
– Аида айым, Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланды. Бул өлкө үчүн жана өнөктүктү жетектеген дипломат катары сиз үчүн эмнени билдирет?
– Эгемендүүлүк алганына болгону 35 жыл болгон, жети миллион калкы бар мамлекеттин БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайлануусу Кыргызстандын басып өткөн улуттук жолунун мыйзам ченемдүү уландысы болду. Кыргызстан үчүн бул дүйнөлүк саясаттагы ордун көрсөтүү менен бирге, эл аралык коомчулуктун ишенимине ээ болуунун белгиси. Советтер Союзу тарагандан кийин, мамлекет куруу, демократиялык институттарды өнүктүрүү, улуттук биримдикти бекемдөө жана дүйнөлүк коомчулукка интеграциялануу сыяктуу татаал процесстерден өттүк. Бүгүн ошол эмгектин үзүрүн көрүп жатабыз.
Кыргызстан дүйнөлүк саясатка даяр механизмдерди мурастап алган өлкө катары эмес, дээрлик нөлдөн баштап мамлекет курган өлкө катары кирип жатат. Биз өнүгүүнүн оор сыноолорун жакшы билебиз. Институттарды калыптандыруу, миграция, жумушсуздук, билим берүү, климаттык өзгөрүүлөр жана социалдык көйгөйлөр менен күрөшүүнүн баасын түшүнөбүз. Тарыхта биринчи жолу Кыргызстан эл аралык жардам алуучу өлкөдөн, глобалдык жоопкерчиликти бөлүшкөн мамлекетке айланып жатат. Бул биз үчүн чоң сыймык жана чоң милдет. Жеке өзүм үчүн болсо, бул достуктун, өнөктөштүктүн жана БУУга мүчө мамлекеттердин ишениминин унутулгус сабагы болду.
Акыркы беш жыл ичинде дүйнөдө согуштарды, бөлүнүүнү, поляризацияны жана мамлекеттер ортосундагы ишенимдин азайышын көрдүм. Ошол эле учурда БУУнун чоңбу же кичинеби, байбы же өнүгүп келе жаткан өлкөбү, айтор ар бир мамлекеттин үнү угулган уникалдуу аянтча бойдон калганына да күбө болдум. Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн бул өзгөчө маанилүү. Анткени, БУУ дүйнөлүк саясат күчтүүлөргө гана таандык эмес экенин, гео-графия мамлекеттин тагдырын аныктабай турганын далилдейт.
– Дипломатия салттуу түрдө эркектер үстөмдүк кылган тармак катары кабыл алынып келген. Өз карьераңыздын жүрүшүндө кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз?
– Ооба, мен 2021-жылдын январь айында Коопсуздук Кеңешинин үстөлүнө отурган кезде, андагы туруктуу өкүлдөрдүн арасында бир нечеси гана аялдар боло турган. Бул азыркы дүйнөнүн реалдуулугун чагылдырат. Бирок, ошол эле учурда бул учур мен үчүн да, Кыргызстан үчүн да, бүтүндөй Борбор Азия үчүн да тарыхый мааниге ээ. Анткени, региондун тарыхында биринчи жолу аял дипломат өз өлкөсүнүн атынан Коопсуздук Кеңешинде иш алып барат. Мен бул ишеним үчүн өлкө жетекчилигине терең ыраазычылык билдирем.
Бул жетишкендик кыргыз элинин тарыхындагы аялдардын коомдук турмушка активдүү катышуу салты менен да байланыштуу. Биздин көчмөн маданиятта аял ар дайым күчтүү, акылман жана коомдук процесстердин ажырагыс бөлүгү болуп келген. Журналистикадан баштап, парламенттин вице-спикерлигине чейинки жол, мага аялдардын алдында турган тоскоолдуктарды жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ошол эле учурда, аялдар эң оор шарттарда дагы күчтүү лидер боло аларын далилдеген учурларга көп жолу күбө болдум.
Ошондуктан, жетекчилик кызматтарда аялдардын көбүрөөк болушу, теңчилик маселесин гана көрсөтпөстөн, ал ар кандай турмуштук тажрыйбалардын жана көз караштардын болушу дегенди билдирет.
– Сиздин оюңузча, аялдар дипломатияга кандай өзгөчөлүк алып келе алат?
– Албетте, аялдардын дипломатияга кошкон салымы өзгөчө. Көп жылдык тажрыйбамдан улам бир нерсени түшүндүм. Ийгиликтүү сүйлөшүүлөр үчүн кесипкөйлүк жана мыкты даярдык жетишсиз, интуиция дагы чоң роль ойнойт. Айтылбай калган сөздү уга билүү, адамдардын чыныгы ниетин түшүнүү жана компромисске жетүү үчүн ылайыктуу учурду сезүү дипломатиядагы эң маанилүү сапаттардын бири. Көптөгөн аялдар ушул жагынан күчтүү болушат. Алар кунт коюп угушат, маанайды сезишет жана коркунучтарды же мүмкүнчүлүктөрдү башкалардан эртерээк байкай алышат. Балким, ошондуктан аял лидерлер кризистерди алдын алууга көбүрөөк көңүл бурушат. Алар жаңжал чыккандан кийин эмес, ага чейин кантип токтотууга болорун ойлошот. Биз аялдар жаңжалга көз салганда, геосаясатты же статистиканы эмес, адам тагдырын көрөбүз. Үй-бүлөлөрдү, коомчулукту, үзүлгөн үмүттөрдү көрөбүз. Ар бир жоголгон өмүр — өзүнчө бир дүйнөнүн жоголушу. Бул аялдарды прагматик кылбайт. Тескерисинче, согуштун чыныгы баасын жана тынчтыктын баалуулугун тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Ошондуктан, тынчтык жана коопсуздук маселелеринде аялдардын катышуусу бир эле өкүлчүлүк маселеси эмес, бардык таланттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу маселеси. Мен бир нерсеге бекем ишенем, сүйлөшүү үстөлүндө аялдардын үнү көбүрөөк угулган жерде, дүйнө коопсузураак болот.
– Сиз БУУнун эл аралык коопсуздукка жооптуу кызматында Кыргызстандын атынан чыгып сүйлөп келесиз. Айтсаңыз, Кыргызстан бүгүнкү күндө коопсуздукту кандай түшүнөт? Бул түшүнүк өзгөргөнбү?
– Бүгүн дүйнөнүн көңүлү, болуп жаткан жаңжалдардан кийин, тынчтыкты кантип калыбына келтирүүгө көбүрөөк бурулуп жатат. Чындыгында, Коопсуздук Кеңеши ишенимдин жетишсиздиги жана пикир келишпестиктер менен көбүрөөк бетме-бет келүүдө. Ошондуктан, Кыргызстан ортомчу жана көпүрө куруучу ролуна басым жасайт. Биз реалистпиз жана Кеңеште ар кандай кызыкчылыктары бар мамлекеттер отурарын түшүнөбүз. Дипломатия — бул пикир келишпестиктерди чечүү эмес, ал жетиштүү деңгээлдеги ишенимди түзүү, аларга карабастан сүйлөшүүлөрдү улантуу. Биз Кеңешке бөлүп-жаруу үчүн келген жокпуз, бириктирүү үчүн келдик. Анткени, тынчтык кризистен кийин гана курулбайт. Ал күн сайын угуу, түшүнүү жана түшүнбөстүктөрдүн жаңжалга айланышына жол бербөө аркылуу түзүлөт.
– Борбор Азия эл аралык аренада барган сайын көзгө көрүнүктүү аймак болуп баратат. Глобалдык талкууларга бул аймак кандай көз карашты алып келе алат жана аларга бүгүнкү күндө эмне жетишпей жатат?
– Кыргызстан үчүн алдын алуучу дипломатия абстрактуу түшүнүк эмес. Бул – сабырдуу диалог, коңшуларды урматтоо жана тирешүүнүн ордуна мунаса табуу жана чыңалуулар өзгөрүлгүс болуп кала электе дипломатияны колдонуу. Борбор Азия өлкөсү катары Кыргызстан дагы региондук кызматташтыктын маанилүүлүгүн жакшы түшүнөт. Биздин аймак ар кандай маданияттарды, экономикаларды жана коопсуздук жаатындагы кызыкчылыктарды байланыштырган маанилүү кайчылаш жолдо жайгашкан. Биз Борбор Азия эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоодо конструктивдүү роль ойной алат деп ишенебиз.
Жакында БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан сунушталган «Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен чечүү» резолюциясын кабыл алды. Борбор Азия үчүн бул тема өзгөчө мааниге ээ. Биз чек ара маселелери татаал жана сезимтал болушу мүмкүн экенин түшүнөбүз. Алар тарыхты, жергиликтүү жамааттардын жашоосун, коопсуздукту, өнүгүүнү, жаратылыш ресурстарын, транспорттук байланышты жана эки тараптын адамдарынын күнүмдүк жашоосун камтыйт. Бирок, Борбор Азия дагы бир нерсени түшүнөт – саясий эрк, өз ара сыйлоо жана диалог болсо, эң урунттуу маселелерди да тынчтык жолу менен чечүүгө болот. Бул резолюция Борбор Азияга гана тиешелүү эмес. Ал дүйнөнүн көптөгөн аймактары үчүн актуалдуу билдирүүнү камтыйт. Көпчүлүк мамлекеттер окшош кыйынчылыктарга туш болушат. Көптөгөн өлкөлөрдө чек ара маселелери, тарыхый карама-каршылыктар же коңшулар менен болгон мамилелерде чечилбеген көйгөйлөр бар.
Бул резолюция бардыгы үчүн бирдиктүү моделди сунуштабайт. Ал чечимдерди таңуулабайт жана эч бир өлкөгө же конкреттүү кырдаалга каршы багытталган эмес. Тескерисинче, ал жөнөкөй жана универсалдуу принципти сунуштайт. Эгер, мамлекеттер чек ара талаштарына туш болсо, алдыга жылуунун жолу тынчтык жолу менен эл аралык укукка жана диалогго негизделиши керек. Биздин аймак эң татаал маселелерди дагы сүйлөшүү аркылуу чечүүгө болорун көрсөттү. Жакшы коңшулук мамилелер региондук артыкчылык гана эмес, дүйнөлүк тынчтыкка жана коопсуздукка кошкон салым экенин далилдеди. Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинин жоопкерчиликтүү, тең салмактуу жана конструктивдүү мүчөсү болот. Биз БУУнун Уставынын принциптерин коргойбуз, талаштарды тынчтык жолу менен чечүүнү колдойбуз жана алдын алуучу дипломатияны бекемдөөгө аракет кылабыз.
Биз алдын алуу дипломатиясын күчөтүүнү, тынчтык орнотуунун натыйжалуулугун жогорулатууну, жарандык калкты коргоону, ядролук куралсыздандырууну, ошондой эле чакан мамлекеттердин, деңизге чыгуусу жок өлкөлөрдүн, тоолуу өлкөлөрдүн, чакан аралдардагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн муктаждыктарына көбүрөөк көңүл бурууну колдонобуз.
– Көпчүлүк Коопсуздук Кеңешин күнүмдүк жашоодон алыс нерсе катары кабыл алышат. Кеңеште иштөө эмне үчүн маанилүү экенин, катардагы адамга кантип түшүндүрөт элеңиз?
– Биз ар бир кадамыбызды жана чечимибизди элге түшүндүрүүгө аракет кылабыз. Адамдар эмне кылып жатканыбызды эмес, эмне үчүн кылып жатканыбызды түшүнүшү керек. Мен бул тууралуу көп ойлоном. Менин оюмча, Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешиндеги иши биздин коомду маанилүү аспектилерде өзгөртө алат. Биз, ар бир кадамыбызды жана кабыл алынган ар бир чечимибизди түшүндүрүп беребиз. Ооба, көптөр үчүн Коопсуздук Кеңешинин иши алыс көрүнүшү мүмкүн. Бирок, анда талкууланган тынчтык, коопсуздук, жаңжалдардын алдын алуу, өнүгүү жана эл аралык кызматташтык маселелери ар бир адамга тиешелүү. Биз ар дайым бул тажрыйба БУУну элибизге жакындатып, элибизди дүйнөгө жакындатат деп үмүттөнөбүз. Кыргызстан үчүн Коопсуздук Кеңешине мүчө болуу сыймык гана эмес, ал мамлекет катары өсүү жана дүйнөлүк тынчтыкка салым кошуунун маанисин тереңирээк түшүнүү мүмкүнчүлүгү.
– Дипломат болууну кыялданган жаш кыздарга эмне деп айтат элеңиз?
– Менин кеңешим өтө жөнөкөй, билим алгыла, эмгектенгиле, даярдангыла жана өзүңөргө ишенгиле. Эң негизгиси, кыялдарыңарды чектебегиле. Кээде, өзүмдүн Оштогу секелек кезимди эстейм. Он эки жашымда атам менен башка өлкөгө иштөөгө кеткен элем. Электр жарыгы жок кечтерди жана шамдын жарыгында окуган күндөрүм көз алдымда дайыма турат. Апам китепканачы болчу, мага билим берүүнүн жана өз алдынча болуунун күчүн ар дайым эскертип турчу. Ошол кезде, “мен бир күнү өз өлкөмдүн БУУда өкүлү болуп, Коопсуздук Кеңешинин үстөлүндө отурам” деп элестете да алган эмесмин. Бирок, бүгүн бул ишке ашууда.
Ошондуктан, мен бир нерсеге ишенем, адамдын кайдан баштаганы эмес, кайда жетүүнү каалаганы маанилүү. Келечекти шарттар эмес, билим, эмгекчилдик, чынчылдык жана өжөрлүк аныктайт. Бүгүн оор шарттарда окуп жаткан ар бир кызга айтарым, өзүңөрдү баалабай койбогула. Силерге берилген мүмкүнчүлүктөрдөн да көбүрөөк кыялдангыла. Бир күнү ошол кыялдар, силерди элестете албаган бийиктиктерге жеткирет.
– Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешиндеги эки жылдык ишинин ийгилигин кандай баалайсыз?
– Менимче, жыйынтыктар ийгиликтердин же резолюциялардын саны менен өлчөнбөйт. Эгерде биз бир эле чыр-чатакты алдын алып, Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосундагы диалогду бекемдей алсак, анда биз чындап эле кимдир бирөөнүн жашоосун өзгөрттүк. Ириде, ушул нерсе маанилүү деп ойлойм.
Маектешкен
Күнболот Момокон