Айдоочуларга жолдо этият болуу сунушталды

26-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100

28-майга чейин аба ырайынын туруксуз болушу жана нөшөрлүү жаан-чачындын күтүлүшүнө байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, жарандарга өзгөчө сак болуу, жол жүрүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоо жана коопсуздук чараларын алдын ала көрүү сунушталат.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жана жарандарды аба ырайынын шарттарын эске алып, жолдо этият болууга чакырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X