Айгүл Жапарова жана Арманда Бегай “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 211
Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапаровага жана Албания Республикасынын Биринчи айымы Арманда Бегайга Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда этномаданий программа тартууланды.
Иш-чаранын алкагында конокторго кыргыз элинин бай маданий мурасы, улуттук каада-салттары жана искусствосу көрсөтүлдү.
Андан соң жогорку даражалуу меймандар үчүн “Рух-Ордо” маданий борборунда экскурсия уюштурулду.
18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 211
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X