Нарын шаарындагы Айгыр-Жал археологиялык эстелигинен байыркы коло дооруна таандык уникалдуу табылга табылды. Археологдор казуу иштеринин жүрүшүндө мындан болжол менен 5 миң жыл мурда жашаган беш жаштагы кыздын сөөгүн жана анын жанынан коюлган карапа идишти табышты.
Адистердин маалыматына караганда, табылга маданий катмардын бир метр тереңдигинен чыккан. Кум аралаш топурак сөөктүн жакшы сакталышына шарт түзгөн.
«Өткөн жылдан бери бул аймакта археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Быйыл жаш баланын сөөгү коюлган жайды таптык. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул көрүстөн коло дооруна таандык. Табылган жайды толук изилдөө үчүн дагы бир топ убакыт талап кылынат», — деди Улуттук тарых музейинин кызматкери, археолог Баяман Исабеков.
Казуу иштери тарых илимдеринин кандидаты, археолог Аида Абдыканованын жетекчилиги менен Борбордук Азия университетинин колдоосунда жүргүзүлүүдө. Аймактагы илимий изилдөөлөр 2012-жылы башталган.
Алгачкы казууларда Нарын кампусуна жакын жерден түрк дооруна таандык адам менен кошо көмүлгөн аттын сөөгү табылган. Кийинчерээк бул аймакта кеңири масштабдагы эл аралык археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлө баштаган.
Айгыр-Жал эстелигиндеги эң маанилүү ачылыштардын бири — болжол менен 13 миң жыл мурда жашаган аңчы-жыйноочулардын издеринин табылышы. Бул Нарын өрөөнүндө адамдар байыркы доорлордон бери жашап келгенин далилдейт.
Окумуштуулардын айтымында, Айгыр-Жал — Борбордук Азиядагы миңдеген жылдык тарыхты камтыган баалуу археологиялык жайлардын бири. Адистер мындай уникалдуу эстеликтерди сактоо жана мындан ары изилдөө маанилүү экенин белгилешүүдө.