Айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери, инженер-эколог Айгүл Ырсалиева: Жаратылыш бизден камкордукту күтөт
Айлана-чөйрөнү коргоо бүгүнкү күндүн эң маанилүү маселелеринин бири. Табияттын тең салмактуулугун сактоо, сууну жана жер ресурстарын келечек муундарга татыктуу жеткирүү –ар бирибиздин милдетибиз. 5-июнь – Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү болду. Албетте, экология маселеси жылдын кайсы күнү болсо да актууалдуу болгондуктан, Кыргызстандагы экологиялык климаттын өзгөрүшү жана аны жакшыртуу жолдору тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери, инженер-эколог Айгүл Ырсалиева менен маек курдук.
– Айгүл айым, Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү качан жана кандай максатта негизделген, ошондой эле бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү эң олуттуу экологиялык көйгөйлөр кайсылар?
– Бул күн 1972-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен негизделген. Ошол жылы Швециянын Стокгольм шаарында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча биринчи эл аралык конференция өткөрүлгөн. Анда жаратылыш ресурстарынын азайышы, абанын жана суунун булганышы сыяктуу көйгөйлөр дүйнөлүк деңгээлде талкууланган. Ошондон бери бул дата дүйнө жүзүндө экологиялык көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруучу маанилүү күн катары белгиленип келет.
Азыркы учурда климаттын өзгөрүшү эң чоң коркунучтардын бири болуп саналат. Орточо температуранын жогорулашы кургакчылыкка, селдерге жана башка табигый кырсыктардын көбөйүшүнө алып келүүдө. Ошондой эле абанын булганышы, токойлордун кыйылышы, таштандылардын көбөйүшү, таза суунун тартыштыгы жана биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы дүйнөнү тынчсыздандырган негизги маселелер бойдон калууда.
– Кыргызстан үчүн кайсы экологиялык маселелер өзгөчө актуалдуу? Бул көйгөйлөрдүн адамдардын ден соолугуна тийгизген таасири кандай?
– Кыргызстан үчүн мөңгүлөрдүн азайышы өтө олуттуу маселе болуп эсептелет. Өлкөбүздүн суу ресурстарынын негизги булагы болгон мөңгүлөрдүн көлөмү акырындык менен кыскарып жатат. Мындан тышкары абанын булганышы, өзгөчө кыш мезгилинде чоң шаарларда байкалууда. Катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүү маселеси дагы толук чечиле элек. Айрым аймактарда жайыттардын деградациясы жана токойлордун азайышы да көйгөй жаратууда.
Таза эмес аба жана булганган суу адамдардын ден соолугуна түздөн-түз таасир этээри белгилүү. Мунун кесепетинен дем алуу органдарынын оорулары, аллергиялык жана жүрөк-кан тамыр оорулары көбөйөт. Ошондуктан айлана-чөйрөнү коргоо маселеси жаратылышты гана эмес, адамдын ден соолугун да сактоо болуп саналат.
– Экологияны коргоодо жөнөкөй жарандар кандай салым кошо алышат?
– Ар бир адамдын салымы маанилүү. Таштандыларды туш келди таштабоо, бак-дарактарды отургузуу, сууну жана электр энергиясын үнөмдөө, пластик калдыктарын азайтуу сыяктуу жөнөкөй аракеттер чоң натыйжа берет. Эң башкысы, экологиялык маданиятты калыптандыруу жана балдарды жаратылышка аяр мамиле жасоого тарбиялоо.
Жаратылыш – биздин жалпы үйүбүз. Аны коргоо ар бирибиздин милдетибиз. Таза аба, таза суу жана жашыл жаратылыш келечек муундар үчүн эң чоң байлык болуп саналат. Ошондуктан ар бир адам өзү жашаган жерин таза кармоого, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга жана экологиялык жоопкерчиликти сезүүгө тийиш.
– Бүгүнкү күндө дүйнөнү тынчсыздандырган бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
– 2012-жылдын 20–22-июнунда Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн эл аралык жыйында дүйнөдөгү негизги экологиялык көйгөйлөр талкууланган. Алардын катарына озон катмарынын жукарышы, климаттын өзгөрүшү, абанын жана суулардын булганышы, токойлордун азайышы, таштанды маселеси, шаарлардын экологиялык абалынын начарлашы, жерлердин шорлошу жана чөлгө айланышы, энергия ресурстары, азык-түлүк коопсуздугу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо сыяктуу маселелер кирген. Бул көйгөйлөр бүгүнкү күндө да дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда калууда.
Дүйнө өлкөлөрү экологияны коргоо максатында бак отургузуу, айлана-чөйрөнү тазалоо, калдыктарды кайра иштетүү, жаратылышты сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп турушат. Бул демилгелер жаратылышты коргоого жана экологиялык аң-сезимди жогорулатууга багытталган.
– Озон катмары деген эмне, анын адамзат үчүн мааниси кандай жана озон катмарынын бузулушу адамдардын ден соолугуна кандай таасир этет?
– Озон катмары атмосферанын стратосфера бөлүгүндө, жер бетинен болжол менен 15–35 чакырым бийиктикте жайгашкан газ катмары. Ал Күндөн келген зыяндуу ультра-кызгылт көк (УК) нурлардын негизги бөлүгүн сиңирип, Жердеги тирүү организмдерди коргойт.
Озон катмарынын жукарышы адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө олуттуу коркунуч жаратат. Анын натыйжасында тери рагы, көздүн катарактасы сыяктуу оорулардын көбөйүү коркунучу жогорулап, өсүмдүктөргө жана жаныбарларга терс таасирин тийгизет.
1980-жылдары окумуштуулар Антарктида аймагында «озон тешигин» аныкташкан. Буга негизинен муздаткычтарда, аэрозолдордо жана өндүрүштө колдонулган хлорфторкөмүртек (ХФК) заттары себеп болгон. Бул көйгөйдү чечүү үчүн 1987-жылы Монреаль протоколу кабыл алынып, озонду бузган заттарды колдонууга чектөө киргизилген. Натыйжада озон катмары акырындык менен калыбына келе баштады.
Озон катмары — Жердин табигый калканы. Аны коргоо адамзаттын жана бүтүндөй жандуу дүйнөнүн коопсуз келечеги үчүн өтө маанилүү.
Бактыгүл Кулатаева