Аймактарда 406,5 млрд сомдук 208 инвестициялык долбоор каралды

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66

Бүгүн, 30-сентябрда өлкөнүн аймактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, аларды каржылоо жана мамлекеттик колдоо маселелери талкууланган кеңешме өттү.

Жыйындын алкагында 7 облус, 40 район жана республикалык, облустук маанидеги 12 шаар боюнча жалпы 406,5 млрд сомдук 208 инвестициялык долбоор топтолгону айтылды.

Долбоорлордун басымдуу бөлүгү өнөр жай тармагына тиешелүү — 74 долбоор. Мындан тышкары, туризм боюнча 33, социалдык инфраструктура боюнча 30, айыл чарбасында 27, энергетикада 18, транспорт, логистика жана индустриалдык парктар багытында 16 долбоор сунушталган.

Кеңешмеде долбоорлорду каржылоого даярдоо, демилгечилерге эксперттик жардам берүү жана экономикалык жактан маанилүү долбоорлорго мамлекеттик колдоо көрсөтүү механизмдери талкууланды. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өнүктүрүү институттары жана мамлекеттик банктар менен иштешүүсүнө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында өнүктүрүү институттары менен мамлекеттик банктарга сунушталган долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, техникалык-экономикалык негиздеме, финансылык модель жана бизнес-план даярдоодо көмөк көрсөтүү сунушталды.Возможно, это изображение помост и текст

Ал эми Экономика жана коммерция министрлигине долбоорлорду ишке ашырууга жана мамлекеттик колдоо механизмдерин түзүүгө багытталган иштерди координациялоо тапшырылды.

Күтүлгөндөй, бул долбоорлор ишке ашса, аймактарда жаңы өндүрүштөр ачылып, жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү кирешелердин өсүшүнө шарт түзүлөт.

30-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X