«Айрым учурда унаамда түнөйм»: Орунтаев курулуш көзөмөлү тууралуу айтты
Кыргызстанда курулуш объектилерин көзөмөлдөө иштери күн сайын жүргүзүлүп, бардык аймактарды камтыйт. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев ЖМК өкүлдөрү менен болгон «Ачык кабинет» форматындагы жолугушууда билдирди.
Министрдин маалыматына караганда, курулуш иштеринин сапатын текшерүүгө министрликтин адистери, Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти (ГАСК) жана башка тиешелүү органдар тартылган.
Орунтаев курулушта сапатсыз материалдарды колдонуу учурлары аз экенин белгилеп, жарандар мыйзам бузуу фактылары боюнча атайын онлайн-платформа аркылуу кайрыла аларын кошумчалады.
Ошондой эле министр курулуш объектилерине өзү да үзгүлтүксүз барып, иштердин жүрүшүн текшерип турарын айтты. Анын айтымында, жумуш графигинин тыгыздыгына байланыштуу айрым учурларда унаасында түнөп калууга туура келет.