Айтматов районунда милициянын жаңы имараты пайдаланууга берилди

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74

Бүгүн, 11-сентябрда, Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Талас облусунун Айтматов районунда ички иштер бөлүмүнүн жаңы заманбап административдик имараты жана спорт комплекси пайдаланууга берилди.

Жаңы комплекстин курулушу 2024-жылы башталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун демилгеси менен ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланган.

Жаңы имарат милиция кызматкерлерине заманбап шарт түзүп, бөлүмдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган.

Комплекске жалпы аянты 1080 чарчы метр болгон эки административдик корпус, 1012 чарчы метрлик спорт комплекси жана кызматтык-чарбалык объектилер кирет.Возможно, это изображение текст

Үч кабаттуу негизги корпуста жарандарды кабыл алуу бөлмөсү, жыйындар залы, кызматтык кабинеттер жана мыйзам талаптарына ылайык жабдылган убактылуу кармоочу жайлар жайгашкан.

Ал эми экинчи корпуста кызматтык кабинеттер менен катар маалыматтарды ыкчам талдап, санариптик көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген ситуациялык борбор иштейт.

Спорт комплексинде футбол жана волейбол залдары, машыгуу бөлмөсү, кийим алмаштыруучу жана жуунуучу жайлар каралган.

Мындан тышкары, кызматтык автоунаалар үчүн 10 бокс, параддык аянтча, жашылдандырылган сейилдөө зонасы жана чарбалык жайлар курулган. Комплексте текшерүү-өткөрүү пункту жана жарандарды тейлөө үчүн «бирдиктүү терезе» да уюштурулган.

Ачылыш аземинде калкка сапаттуу жана ыкчам сервистик кызмат көрсөтүү максатында Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө эки жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды.Нет описания фото.

Айтматов районунун 70 миңден ашуун тургунун тейлеген ички иштер бөлүмүнүн буга чейинки имараты 1971-жылы курулган.

Жаңы комплекс милиция кызматкерлеринин иштөө шартын жакшыртып, район тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X