«Айтматов» тасмасынын таасири

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 51

Ушул айдын башында Талас шаарындагы «Кырк-Чоро» кинотеатрында «Айтматов» көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Иш-чаранын башында КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айгүл Закирова, таластык белгилүү ишкер, меценат Бакыт Тууганбаев, башкы режиссёр Каныбек Калматов, башкы продюсер Тимурлан Ташиев сөз сүйлөшүп, көркөм тасманын мазмунуна токтолушуп, анын коомдо руханий баалуулук болуп каларын белгилешти. Кинону тартууга колдоо көрсөткөн Өлкө башчысы Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдиришти. Аталган тасма дүйнөгө белгилүү улуу гуманист, орошон ойчул, залкар жазуучу, кыргыз элинин сыймыктуу уулу Чыңгыз Айтматовдун балалыгы, кандуу репрессиянын курмандыктары, кыргыз элинин мыкты эр-азаматтарынын ак жеринен атылып кеткен трагедиялуу окуялары, алардын арасында улуу жазуучунун атасы Төрөкул Айтматовдун трагедиялуу тагдыры, атасынан ажыраган жазуучунун жан дүйнөсүндөгү жүлүн көзөгөн, кабырга кайыштырган кайгынын азап-тозогу кинокөрүүчүлөрдүн көз жашын пайда кылып, тарыхтын эң катаал мезгилине көркөм дүйнөнүн тили, күчү менен көз чаптырып, артка кылчайтты.

Жазуучунун ролун белгилүү актёр Болот Тентимишов жараткан. Ал эми балачак кезин Нурислам Надыров, атасы Төрөкул Айтматовдун ролун Абылай Марат уулу, Нагима апанын ролун Арина Исакова, Алмаз Караевдин ролун Марат Амираев, Касым Тыныстановдун ролун Эмил Эсеналиев аткарышкан.

Ошондой эле көркөм тасмага россиялык белгилүү актёрлор Сергей Безруков жана Равшана Курковалар тартылышкан. Безруков улуу акын Борис Пастернактын ролун ойносо, ал эми Равшана Куркова Зинаида Пастернактын ролун аткарган.
Көркөм тасма айтор улуу жазуучунун инсандык, чыгармачылык дүйнөсүнүн калыптанышы, кээ бир адамдардын, чиновниктердин көрө албастык менен бут тосуулары, кыйынчылыктарды жеңе билген эрдикке тете касиеттери, аруу махабатка туш келген зор жан дүйнөсү, үй-бүлөдөгү пендечилик татаал учурлар, аруу махабатка болгон жигитчилик, инсандык туруктуулук, адамдык, сүрөткерлик сыяктуу эң бийик касиеттер мыкты чагылдырылган. Режиссёрдун дебюттук чыгармасы болгон менен көркөм тасма абдан зор таасир калтырды.

Козубек Иманкулов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X