Айтматовдун чыгармалары фарсы тилине которулат. Кыргызстан менен Иран жаңы маданий программага кол коюшту
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйынынын алкагында Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев Ирандын маданият жана исламдык багыт берүү министри Сейед Аббас Салехи менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Тараптар маданият, искусство жана тарыхый-маданий мурастарды сактоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле кинематография, музей жана китепкана иши, адабият, чыгармачыл жамааттардын өз ара алмашуусу жана биргелешкен маданий долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушууда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын фарсы тилине, ал эми перс классикалык адабиятынын мыкты үлгүлөрүн кыргыз тилине которуу демилгеси да колдоо тапты.
Жыйынтыгында эки өлкөнүн маданият министрлери 2026–2029-жылдарга маданият жана искусство жаатындагы алмашуулар программасына кол коюшту.
Документте музыка, театр, кино, музей жана китепкана иши, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, элдик чыгармачылык, адабият, көргөзмөлөрдү уюштуруу жана чыгармачыл жамааттардын алмашуусу боюнча кызматташтык каралган.
Мындан тышкары, программага ылайык 2026–2029-жылдары Иранда Кыргызстандын, ал эми Кыргызстанда Ирандын Маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда.