Айтматовдун дүйнөсүнө ашык болгон Эрбол
Күтүүсүздөн телефонума Шүгүрбай (Чаргынов) чалып калды.
— Сиз менен бир жаш жазмакерликке кызыгып жүргөн бала жолуксам деп жүрөт. Бир нече суроолору бар экен, маектешип бере аласызбы? — деди.
— Ким экен ал? Канча жашта? — деп сурадым.
— Жазуучулукка кызыгып, Чыңгыз Айтматовду өзүнө устат туткан, чыгармаларын сүйүп окуган бала экен. Бир топ журналисттер менен байланышып, айрымдарына жолугуп да жатыптыр. Убактыңыз болсо сиз менен да баарлашып, кеп-кеңешиңизди уксам дейт.
— Макул, жолугалы, — дедим.
Эртеси күнү жолуктук. Аты Эрбол экен. Болгону он төрт жашта. Алгач жүзүнөн тартынчаактыкты байкадым. Бирок, жаңылыпмын. Бул тартынчаактык эмес, ал анын жакшы тарбия көргөн, ыймандуу, улууну урматтаган мүнөзү экен. Чыгармачылыкка умтулган адамдардын көбүнө мүнөздүү болгон оор басырыктуулук, кыялын бийик көтөрүп жүргөн касиет анын келбетинен эле сезилип турду.
— Сиз журналистсизби? — деп сөз баштады ал.
— Ооба, журналистмин.
— Демек, жазасыз да?
— Ооба. Журналисттин түрү көп болот эмеспи. Биз ошол жазып жүргөндөрдүн катарына киребиз.
— А-а, — деп жылмайып койду.
Ошентип экөөбүздүн кызыктуу маегибиз башталды.
Эрбол аңгеме жазат экен. Жазууга болгон кызыгуусуна мектептеги мугалиминин эмгеги чоң түрткү болуптур. Айрыкча мугалиминин Чыңгыз Айтматов менен жолугушкандагы эскерүүлөрү ага күчтүү таасир калтырган экен. Айтматовдун чыгармаларын тынымсыз окуп, анын дүйнөсүнө терең сүңгүп кирүүгө аракет кылып жүргөнүн айтты.
Колубуздан келишинче билгендерибизди бөлүшүп, чыгармачылык тууралуу көпкө сүйлөштүк. Мен ага:
— Мүмкүнчүлүк болсо кыргыздын белгилүү жазуучулары, акындары, журналисттери менен жолугуп, алардын кеп-кеңешин ук. Ар бир жолугушуу өзүнчө мектеп. Ошол адамдардын тажрыйбасы сен үчүн чоң сабак болот, — дедим. Макул деп баш ийкеди, Эрбол.
Мени өзгөчө кубандырган бир жагдай болду. Азыр интернет заманы өкүм сүрүп, көпчүлүк өспүрүмдөр убактысын телефон менен өткөрүп, тез эле атак-даңкка жетүүнү, анын аркасы менен акча табууну эңсеп калышты. Социалдык тармактарды ачсаң эле мээнеттен эмес, бир күндө белгилүү болууну самагандар толтура. Мындай учурда Эрбол сыяктуу адабияттын босогосун аттап, китеп менен достошуп, Чыңгыз Айтматовдун асыл ойлорун, терең философиясын изденип окуп жүргөн жаштарды көрүү адамды кубандырбай койбойт экен. Он төрт жашында эле Айтматовдун дүйнөсүнө кызыгып, чыгармачылыктын татаал, бирок ыйык жолун тандап жатканы сейрек кездешчү көрүнүш.
Азаматсың, Эрбол! Жараткан жакшылык жолуна түрткөн жакшы жолду, залкарлар изин тандапсың. Чыныгы чыгармачылык жеңил жол эмес. Ал агын суунун шарына каршы сүзгөндөй эмгекти, чыдамкайлыкты жана чоң мээнетти талап кылат. Эгер ушул багытыңдан жазбай, тынымсыз окуп, изденип, эмгектене берсең, сөзсүз максатыңа жетесиң. Жолуң шыдыр, кадамың байсалдуу болсун. Келечекте кыргыз адабиятына өз үнүн кошкон мыкты жазуучулардын бири болушуңду каалайм.
Сөзүбүз курулай болбосун деп, Эрбол өзү менен ала келген өз мугалимине таасирленип, анын эскерүүсү аркылуу жазган бир эмгегинин бирин окурмандарга да сунуштоону туура көрдүк.
Балким, бүгүн адабият дүйнөсүнө алгачкы кадамын таштап жаткан ушул өспүрүмдүн эмгеги эртең кыргыз адабиятынын жаңы барактарын толуктап калар. Анткени, чоң жол ар дайым дал ушундай майда, бирок ишенимдүү кадамдардан башталат эмеспи.

“Мугалим – ардактуу инсан”
– Бул маекти менин кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген мугалимим Масадыкова Чолпон эжей менен болгон маектешүүнүн негизинде жаздым. Эжей Чыңгыз Айтматов менен жолугуп, анын өз колунан сыйлык жана автограф алган инсан. Баарлашуу учурунда ал мага Айтматов тууралуу көптөгөн кызыктуу окуяларды айтып берди. Ошондой эле улуу жазуучуга байланыштуу гезит-журналдарды ушул күнгө чейин чогултуп жүрөрүн белгиледи.
Алгач бул сөздөргө анчейин маани берген эмесмин. Бирок, убакыт өткөн сайын эжейимдин сабактары аркылуу Айтматовдун чыгармаларынын тереңдигин түшүнө баштадым. Айткан асыл кептери азыр да кулагымда, көкүрөгүмдө калыптыр. Аны кагазга түшүрдүм. Төмөндө Чолпон эжейдин эскерүүсүн сунуштайм.
— Бул 2008-жылдын 12-декабры болчу. Адаттагыдай эле мектепке келип, мугалимдер бөлмөсүнө кирдим. Столдун үстүндө жаткан гезитти барактап отуруп, көзүмө “Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына карата сынак” деген жарыя уруна калды. Кызыгып окуп көрсөм, “Менин биринчи мугалимим” деген темада аңгеме жазуу сынагы жарыяланыптыр. Анын негизги максаты –
мугалимдердин эмгегин даңазалап, аларга болгон урмат-сыйды арттыруу эле.
Бул сынак Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналганы мени өзгөчө шыктандырды. Анткени, мен Айтматовду кумир тутчумун. Ошентип аңгеме жазууга кириштим.
Бул тема бир жагынан жеңил көрүнгөнү менен, экинчи жагынан абдан жоопкерчиликтүү болду. Эскерүүлөргө кайрылып, ар бир сүйлөмдү жүрөктөн өткөрүп жазууга аракет кылдым. Чыгарма канчалык деңгээлде ийгиликтүү болгонун айта албайм, бирок аны кайра-кайра окуп чыгып, оңдоп-түздөп, болгон күчүмдү жумшадым. “Аракетке — берекет” дегендей, эмгегим акталды. Көп өтпөй аңгемем даяр болуп, сынакка жөнөттүм. Ошол мезгилде биз, жаштар Айтматовдун чыгармаларын сүйүп окучубуз. Анын каармандары, философиялык ойлору, адамзаттык баалуулуктар тууралуу көз карашы бизди өзүнө тартып турчу.
Чыңгыз Айтматов менен жолугуп, автограф алуу ар бирибиздин кыялыбыз эле. Кол тамга алуу үчүн узун кезектерге турчубуз. Китеп жетишпей калса, бири-бирибизден алып окуп, бир китеп бүтүндөй айылдын жаштарын кыдырып чыкчу. Бул ошол учурдагы жаштардын билимге, китепке жана адабиятка болгон сүйүүсүнүн белгиси болчу.
Ал кезде мурдагы Союздун бардык республикаларында Айтматовду урматтап, чыгармаларын сүйүп окушчу. Мен да алардын бири элем.
Бир күнү күткөн кабар келди. Сынактын жыйынтыгында үч жеңүүчүнүн катарына киргенимди билдиришти. Кубанычымда чек жок эле. Бул мен үчүн чоң сыймык болду. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи. Чыңгыз Айтматов билим алган К.Скрябин атындагы Агрардык университетте өтөрү маалымдалды. Мен Ысык-Көлдөн Бишкекке жол тарттым. Иш-чарага келгенимде зал элге жык толгон экен. Бир аздан кийин эшик ачылып, Чыңгыз Айтматов кирип келди. Баарыбыз ордубуздан туруп, узакка кол чаптык. Баяндамалар окулуп бүткөндөн кийин сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо башталды. Менин да кезегим келип, сахнага чыктым. Чыңгыз Айтматов өзү колумду кысып, грамота тапшырды. Андан сырткары өзүнүн «Кассандра тамгасы» романына автограф жазып, белек кылды. Азем соңунда бардык катышуучулар болуп эстелик сүрөткө түшүп, өз аймактарыбызга тарадык. Бул менин Чыңгыз Айтматовду биринчи жолу жакындан көрүшүм эле. Анын колун кысып, өз колунан сыйлык жана автограф алуу өмүрүмдөгү эң унутулгус көз ирмемдердин бири болуп калды.
Мен үчүн Айтматов жөн гана жазуучу эмес, терең ойчул инсан. Анын философиялык дүйнөсүн окуган сайын Лао-Цзы менен Конфуций сыяктуу улуу ойчулдарды эстейм. Кыргыз элинде көптөгөн акылман инсандар өткөнү менен Айтматовдун бийиктиги өзгөчө экенине ишенем.
Балким, келечекте ошол бийиктикти багындырган жаңы муун чыгат. Биздин коом дал ошондой руханий лидерлерге, терең ой жүгүрткөн инсандарга муктаж. Айтматов баштаган улуу жолду улай турган жаштар сөзсүз өсүп чыгат деп ишенем, — деп Чолпон эжей сөзүн жыйынтыктады
Чолпон эжейдин бул эскерүүсү жөн гана бир жолугушуунун баяны эмес. Бул – улуу жазуучунун эл арасындагы кадыр-баркын, ошол доордогу жаштардын китепке болгон сүйүүсүн жана мугалимдин жүрөгүндө өмүр бою сакталган унутулгус эстеликти чагылдырган тарыхтын бир бүктөмү. Эжейиме ааламдын атактуу жазуучусу Айтматов атабыз чоң таасир калтырган болсо, анын учкундары менен бизге баалуу болуп айтылган Чолпон эжейимдин эскерүүсү мага таасир берген болду…
Даярдаган
Күнболот Момоконов