Айыл чарба боюнча суроолорго 1210 номери аркылуу жооп алууга болот
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандар үчүн 1210 бирдиктүү байланыш номери иштеп жатканын билдирет.
Жарандар бул номер аркылуу мамлекеттик колдоо программалары, жеңилдетилген насыялар, субсидиялар жана айыл чарба техникаларын лизингге алуу боюнча маалымат жана кеңеш ала алышат.
Ошондой эле ирригация, өсүмдүктөрдү коргоо, ветеринария, асыл тукум чарбачылыгы, продукцияны кайра иштетүү, сертификаттоо жана экспорт маселелери боюнча да маалымат берилет.
1210 номери иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Өлкөдөгү бардык операторлордон чалуу акысыз.