Айыл чарба тармагына караштуу мекемелер 12 жаңы кызматтык унаа алды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков министрликке караштуу мекемелерге жана илимий-изилдөө институттарына жаңы кызматтык жеңил унааларды тапшырды.
Министрликтин маалыматына ылайык, жалпысынан 12 кызматтык унаа Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматына, Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментине, “Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги” мамлекеттик мекемесине, ошондой эле дыйканчылык, мал чарба жана жайыттар, ветеринария жана ирригация багытындагы илимий-изилдөө институттарына бөлүнүп берилди.
Белгиленгендей, жаңы кызматтык унаалар мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткарууга шарт түзүү максатында тапшырылды.