Айзаратбек ЭСЕНОВ: Кыргызстан технологияны жараткан өлкө болушу керек
Кыргызстан технологияны жөн гана керектеген эмес, өзү жаратып, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Бул тууралуу санариптик трансформация боюнча эксперт Айзаратбек Есенов менен баарлаштык.
— Айзаратбек мырза, быйыл Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылды. ШКУ мейкиндигиндеги санариптик технологиялар жана жасалма интеллект багытындагы кызматташтык Кыргызстан үчүн кандай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
— Менимче, бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү учур. Анткени, бүгүн ШКУну бир гана саясий же экономикалык кызматташтык аянтчасы катары кароо жетишсиз. Уюмдун алкагында технология, санариптик экономика жана жасалма интеллект боюнча кызматташтык барган сайын стратегиялык мааниге ээ болуп жатат.
Биринчи чоң мүмкүнчүлүк бул – масштабдуулук. ШКУ дүйнөнүн эң ири региондук бирикмелеринин бири. Бул мейкиндикте миллиарддаган керектөөчүлөр, жүз миңдеген компаниялар жана чоң технологиялык экосистемалар бар. Кыргызстан үчүн бул ички чакан рыноктун чегинен чыгып, өзүнүн санариптик продуктуларын жана кызматтарын чоң рынокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар.
Мисалы, биз кыргыз тили үчүн жасалма интеллектке негизделген технологияларды өнүктүрүп жатсак, анын потенциалдуу колдонуу чөйрөсү Кыргызстан менен эле чектелбейт. Түрк тилдүү өлкөлөр, Борбор Азия жана башка көп тилдүү коомдор үчүн иштей турган технологиялык чечимдерди жаратууга болот.
Экинчи чоң мүмкүнчүлүк тажрыйба алмашуу жана технологиялык өнөктөштүк. ШКУга кирген мамлекеттердин ар бири санариптик өнүгүүнүн моделин түзүп жатат. Кээ биринде электрондук өкмөт күчтүү болсо, айрымдарында жасалма интеллект, электрондук соода, финтех, телекоммуникация же технологиялык өндүрүш абдан өнүккөн. Кыргызстан үчүн эң туура жол бул моделдерди түз көчүрүп алуу эмес, өзүбүздүн шартка ылайыкташтыруу туура болот деп эсептейм.
Үчүнчү маанилүү багыт санариптик инфраструктура. Жасалма интеллекттин доорунда маалымат жана эсептөө кубаттуулугу жогору жабдуулар стратегиялык ресурс болуп калды. Ошондуктан, маалымат борборлору, булут технологиялары, жогорку ылдамдыктагы интернет, маалыматтарды сактоо жана киберкоопсуздук маселелери келечекте мунай же газ сыяктуу эле маанилүү факторлордун бири болушу мүмкүн.
Менин оюмча, Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы дагы чоң мүмкүнчүлүк берет. Жашыл энергияга негизделген заманбап дата-борборлорду өнүктүрүү боюнча келечекте олуттуу долбоорлорду карасак болот.
Дагы бир эң маанилүү багыттардын бири – кыргыз тилинин санариптик келечеги.
Эгер биз жасалма интеллектти кыргыз тилине толук киргизе алсак, сүйлөөнү таануу, үн синтези, автоматтык котормо, текстти талдоо, интеллектуалдык жардамчылар, чоң тил моделдери иштесе, анда кыргыз тили технологиялык чөйрөдө да толук кандуу жашай баштайт. Башкача айтканда, санариптештирүү биз үчүн жөн гана технологиялык процесс эмес. Бул тилди, маданиятты жана улуттук иденттүүлүктү келечек муунга жеткирүүнүн жаңы механизми.
— ШКУ өлкөлөрүнүн IT жана санариптик экономиканы өнүктүрүү тажрыйбасын Кыргызстанга киргизүү аркылуу жаштарыбыз үчүн кандай жаңы кесиптик жана бизнес мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө болот?
— Бул жерде мен бир маанилүү нерсени белгилегим келет. Биз жаштарды жөн гана программист болууга чакырбашыбыз керек. Санариптик экономика деген ITге караганда кыйла кеңири түшүнүктү берет.
Бүгүн жасалма интеллект инженерлери, маалымат аналитиктери, киберкоопсуздук адистери, робототехника боюнча инженерлер, ЖИ продукт менеджерлери, UX/UI дизайнерлер, санариптик маркетологдор жана башка ондогон жаңы кесиптер пайда болду.
Эң кызыгы, бул кесиптин ээлери дүйнөнүн кайсы жеринде жашаганы мурдагыдай маанилүү болбой калды. Бишкекте, Ошто же Караколдо жашаган жаш адис ШКУнун башка мамлекетиндеги компанияларында иштей алат. Башкача айтканда, санариптик экономика жумуш орундарын гана эмес, жумуштун географиясын да өзгөртүп жатат.
Мындан тышкары, биз ШКУ өлкөлөрүнүн ийгиликтүү моделдеринен көп нерсе үйрөнө алабыз. Мисалы, Индиянын
IT-аутсорсинг тармагындагы тажрыйбасы, Кытайдын электрондук соода жана технологиялык өндүрүштөгү масштабы, Казакстандын Astana Hub сыяктуу технологиялык экосистеманы түзүү боюнча тажрыйбасы Кыргызстан үчүн пайдалуу болот десем жаңылышпайм.
Бирок, Кыргызстан үчүн эң маанилүү нерсе – өзүнүн улуттук моделин түзүү.
Биздин негизги артыкчылыгыбыз көп тилди билген, ITге кызыккан жаңы муун жана чакан рынок болгондуктан, жаңы чечимдерди тез сынап көрүү мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Мисалы, кыргызстандык бир жаш стартап кыргыз тилиндеги билим берүүчү ЖИ платформаны түздү дейли. Ал аны бир гана Кыргызстанда эмес, кыргыз тилин үйрөнүп жаткан чет өлкөлүктөргө, диаспораларга, билим берүү мекемелерине жана кийин башка тилдерге адаптациялап, региондук рынокко чыгара алат. Демек, биз жаштарга «жумуш изде» дегенден көрө, «көйгөйдү аныкта, технологиялык чечим түз жана аны рынокко чыгар» деген түшүнүктү калыптандырышыбыз керек.
Бул жерде дагы бир чоң мүмкүнчүлүк бар, бул болсо креативдик экономика.
Бүгүн кыргыз тилинде сапаттуу билим берүүчү, технологияны түшүндүргөн, илимди популярдаштырган контент жаратуу да чоң экономикалык мүмкүнчүлүк. Жасалма интеллект бул процессти мурдагыдан да тездетет деп ойлойм. Ошондуктан мен келечектеги атаандаштыкта жалаң эле программисттер эмес, технологияны түшүнгөн мугалим, журналист, дарыгер, юрист, мамлекеттик кызматкер, ишкер жана контент жаратуучу иштей ала турганын көрүп турам.
— Жасалма интеллект, инновация жана санариптик кызматтар тездик менен өнүгүп жаткан шартта Кыргызстан ШКУ алкагындагы технологиялык кызматташтыктан кандай натыйжаларды күтөт? Бул багытта өлкөнүн потенциалы кандай?
— Мен Кыргызстан үчүн натыйжаны үч деңгээлде көрөм. Адам капиталы, технология жана рынок.
Биринчиден, биз жаңы муундагы адистерди даярдашыбыз керек. Эгер технология бар болуп, бирок аны иштете турган адам жок болсо, инвестициянын өзү жетишсиз.
Экинчиден, Кыргызстан жөн гана технологияны сатып алган эмес, өзү технологиялык продукт жарата алган өлкөгө айланышы керек.
Үчүнчүдөн, ошол продуктуларды тышкы рынокко чыгарышыбыз зарыл. Биз бардык технологиялык багытта дүйнө менен атаандаша албайбыз жана мунун кереги да жок. Кыргызстан өзүнүн күчтүү багыттарын тандашы керек.
Мен бир нече багытты өзгөчө перспективдүү деп эсептейм. Алардын ичинде кыргыз жана түрк тилдери үчүн тил технологиялары, билим берүү үчүн жасалма интеллект, тоолуу аймактарга ылайыкташкан технологиялар, агротехнология, климаттык мониторинг, туризмдин санариптик чечимдери жана «жашыл» эсептөө инфраструктурасы (дата борборлор).
Мисалы, тоолуу өлкө катары бизде климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын мониторинг кылуу үчүн жасалма интеллектти колдонуу боюнча чоң мүмкүнчүлүк бар. Айыл чарбасында спутниктен алынган маалыматтарды, компьютердик көрүүнү жана аналитиканы колдонуу түшүмдүүлүктү жогорулатууга жардам берет.
Ал эми мамлекеттик башкарууда санариптик кызматтарды кийинки деңгээлге чыгаруу жаранга кызмат көрсөтүүнү гана жеңилдетпестен, мамлекеттик чечимдердин сапатын да жогорулатат.
Кыргызстанда буга чейин санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн пайдубалы түзүлдү. Эми кийинки кадам жасалма интеллектти мамлекеттик кызматтарга интеграциялоо.
Мисалы, жаран керектүү мамлекеттик кызматты кайдан жана кантип алаарын издебей, интеллектуалдык жардамчыдан түз сурай турган система; мамлекеттик документтердин сапатын автоматтык текшерүү; маалыматтарды талдоо аркылуу чечим кабыл алууну колдоо булар жакынкы келечектин реалдуу мүмкүнчүлүктөрү.
Ошондуктан ШКУ менен технологиялык кызматташтыкты мен жөн гана эл аралык байланыш катары эмес, Кыргызстандын технологиялык трансформациясын тездетүүчү инструмент катары көрөм.
— Демек, Кыргызстанды келечекте ШКУнун технологиялык картасында кандай өлкө катары көрөсүз?
— Кыргызстан технологияны керектеген гана өлкө болуп калбашы керек. Биз технологияны жараткан жана экспорттогон өлкө болууга умтулушубуз зарыл.
Албетте, бул бир күндө болбойт. Бирок бизде башкы ресурс – адам капиталы бар.
Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлде иштей ала турган жаштарыбыз бар. Алардын айрымдары чет өлкөлөрдө билим алып, тажрыйба топтоп, кайра өлкөгө келип жатат. Айрымдары Кыргызстанда туруп эле дүйнөлүк рынокто иштеп жатышат. Эми ошол жаштардын билимин пайдаланып, системалуу экосистеманы куруу керек.
Менин түшүнүгүмдө, ШКУ Кыргызстан үчүн даяр мүмкүнчүлүктөрдү алып келүүчү аянтча эмес, өз мүмкүнчүлүгүбүздү дүйнөгө көрсөтүүчү чоң сахна болушу керек. Ал эми жасалма интеллектке келгенде биздин негизги максат – технологиядан коркуу эмес, аны өз кызыкчылыгыбызга иштетүү.
Өзгөчө кыргыз тили боюнча менин позициям так: эгер кыргыз тили жасалма интеллекттин тилине айлана алса, анда ал XXI кылымда дагы күчтүү өнүгөт. Ошондуктан, бүгүн биз түзүп жаткан кыргыз тилинин санариптик ресурстары, маалымат топтомдору, тилдик моделдер жана интеллектуалдык кызматтар бул жөн гана IT-долбоор эмес. Бул келечек муун үчүн тилдик инфраструктура.
Мен санарип тармагында эксперт катары жаштарга дайыма бир нерсени айтып келем: технологияны жөн гана колдонгон адам эмес, технология менен жаңы нерсе жарата алган адам келечекте көп ийгиликтерди жарата алат.
Кыргызстан үчүн да ушундай. Биздин алдыбызда тандоо турат: даяр технологияны күтөбүзбү же өзүбүздүн чечимдерибизди жаратабызбы? Мен экинчисине ишенем. Кыргызстанда буга потенциал да, адамдык ресурс да, мүмкүнчүлүк да бар.
Чынайым Кутманалиева