Айчүрөк Иманалиеванын уулу эмнеден каза болгону айтылды
Эл артисти Айчүрөк Иманалиеванын уулу Аргендин жүрөк оорусунан улам каза болгондугу маалым болду. Бул туурасында ырчынын санаалаштарынан улам маалым болду.
“Жүрөгү ооручу, андан сырткары, буга чейин COVID-19 илдети менен ооруган. Баары чогулуп өз таасирин тийгизди окшойт. Атасынын дагы жүрөгү ооручу, тукум куума окшойт”, — делет маалыматта.
Эске салсак, бүгүн, 21-июнда ырчы Айчүрөк Иманалиеванын тун уулу Арген 35 жашында каза тапкан.