"Эркин-Тоо"

Айдарбек МАМБЕТКАДЫРОВ, Конституциялык кеңештин мүчөсү, көз карандысыз эксперт, юрист: «ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ КОЖОЮН – АТА ҮЧҮНБҮ ЖЕ…»

С.Хангтингтон эмгектеринде цивилизациянын күтүлүп жаткан кагылышуулары тууралуу эскерткен. Анын айтканындай болуп, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү цивилизациянын кагылышуусу ачык карама каршылыкка чыгуу этабына келди. Цивилизациянын, башкача айтканда баалуулуктардын согушу ачык фазага өтүп, кульминациясына жакындады. Жакынкы Чыгыштагы, АКШдагы, Европадагы окуялар бул кагылышуулардын курчуганынан кабар берет. Адамдардын акыл-эсинин жана жүрөгүнүн тандай турган баалуулуктары үчүн кармашы жүрүүдө. С.Хангтингтон батыш цивилизациясынын чыгыш салты, либералдуу жана ислам дүйнөсү менен күрөшүн белгилеген. Бул цивилизация согушу биздин өлкөдө да бар, болгондо да катуу. Өзгөчө батыш либералдык бөлүктүн тарапташтары активдүү болушууда, анткени салттуу баалуулуктар баары бир аларды четке кагаарын түшүнүштү. Мисалы, кыргыздарга индивидуализм жана гей-параддар жат көрүнүш.

Конституциянын тегерегиндеги талаштар да – бул цивилизациянын кагылышуусунун формасы, башкача айтканда баалуулуктар үчүн согуш. Парламенттик же президенттик башкаруу формасы тууралуу маселе – бул жөн гана форма, формалдуу тарап, а мазмуну боюнча баалуулуктардын кагылышы деген ушул. Күрөш бизге жат болгон агрессивдүү либералдык баалуулуктарды орнотуп, сактайбызбы же салттуу улуттук-маданий баалуулуктар менен жашоону улантабызбы дегенде болуп жатат. Жөнөкөй тил менен айтканда — аял менен күйөө бар, улууларды урматтоо, карыларды сыйлоо, жакындарга камкордук көрүү керек деген эреже орнотулган салттуу үй-бүлө, же жакын туугандардагы индивидуализм, гейпараддар жана ар кандай көргөзмөлөрдү баалаган бир жыныстуу нике. Аны менен катар салттуу улуттук-маданий баалуулуктарды цивилизациянын глобалдуу формасынын башталышында эле кыйратууга багытталган үлгүсү аркылуу жоготуп жана тебелеп салууга аракет жасалууда (парламентаризм, партиялык топтор, салтка ылайык келбеген үй-бүлө, индивидуализм ж.б.).

Мамлекеттик бийликтин орнотулушу тууралуу айтканда деле же биз күчтүү, жоопкерчиликтүү кожоюн – ата үчүн же жоопкерчиликсиз, убактылуу, келип-кетчү өгөй аталар үчүн кол көтөрүшүбүз керек.

Башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү «Сиз салттуу үй-бүлөнүн болушун колдойсузбу же бир жыныстуу никениби?» — деген суроо салууга тете. Эгер биз муну түшүнбөсөк, убакытты жөн эле уттурган болобуз.

Эгер либералдуу баалуулуктардын тарапташтарынын да пикирин угуу керектелсе, анда келгиле, ушундай суроо узаталы. Кыргызстан парламенттик башкарууда болгон 10 жыл ичинде өлкөгө келген жок дегенде бир инвестордун компаниясын атап берсинчи. Убактылууларга көз боёмочулардын тобунан башка эч ким келбейт. Өзбекстандын президенти Мирзиёев бийликке келген 3 жылдын ичинде 120 миллиард доллар инвестиция тартты. А биз сырткы карызды толтурган насыяларды гана көбөйттүк. Коңшуларыбыздын арасында парламентаризмди куруу жаатында «алдыдабыз», бирок экономикалык жана элдин жашоотурмушунун деңгээлинин өсүшү боюнча алардан дээрлик 20-30 жылга артта калдык. Эми болсо айрым топтор ушул жоопкерчиликсиз системаны сактап калууга жан үрөшүүдө. Эгер бул жылдар аралыгында экономикада позитивдүү көрсөткүчтөргө жеткен болсок, анда мейли, бул саясий кадамдын тууралыгын билдирмек. Саясат менен экономика бири-бири менен байланышкан категориялар экени маалым эмеспи.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!