Айдоочу радарды тебелеп, өлкөгө 2,3 млн сомдук зыян келтирди
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында Lexus LX470 унаасынын айдоочусу, баасы 2 миллион 324 миң 477 сомду түзгөн «Автопатруль-Радар» аппараттык-программалык комплексин тебелеп, качып кеткен.
Окуя 15-апрель күнү, саат 15:30 чамасында Кемин районунун Бообек айылында болгон.
Айдоочу ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан кармалып, унаа айып короого киргизилип, тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү. Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.