Айгүл Рыскулова ЕЭКтин департамент директору болуп дайындалды
Айгүл Рыскулова Евразия экономикалык комиссиясынын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайты кабарлады.
Эске салсак, Рыскулова буга чейин 2020–2024-жылдары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешинде Кыргызстандын өкүлү болуп иштеген.