Айгүл Жапарова Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болду

15-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 1448

Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунун жаңы имараты жана медициналык мекеменин эски корпусундагы шарттар менен таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ал үч эм төрөгөн энеден кабар алып, үй-бүлөгө ден соолук, бакубатчылык жана бакыт каалады.
Мындан тышкары, Биринчи айым саламаттыкты сактоо министри жана башка расмий өкүлдөр менен бирге борбордун жамаатын жана бардык энелерди Энелер күнү менен куттуктады.
Өз сөзүндө Айгүл Жапарова энелердин коомдогу өзгөчө ордун белгилеп, эне улуттун руханий баалуулуктарын сактоочу күч экенин айтты.

— Май айынын үчүнчү жекшембисинде эң жылуу майрамдардын бири — Энелер күнү белгиленет. Биздин каада-салтыбызда эне — улуттун бешиги. Эне болуу — бул эрдик да, зор бакыт да, — деди ал.

Ошондой эле Биринчи айым медицина кызматкерлерине энелердин жана балдардын саламаттыгына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, борбордун жамаатына ийгилик жана бекем ден соолук каалады.

15-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 1448
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X