Аймактарда Түркиянын «Маариф» мектептери ачылат

13-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Билим 36

Түркиянын “Маариф” мектептери Кыргызстандын аймактарында ачылат. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, министр Руслан Казакбаев менен «Маариф» фондунун президенти Бирол Акгүндүн жолугушуусунун учурунда кабыл алынган.

Быйылкы жылдын эсебинен «Маариф» фонду тарабынан Бишкек шаарында алгачкы мектеп ачылды.

Эске салсак, Түркиянын өкмөтү тарабынан каржыланган «Маариф» фонду менен кызматташуу меморандуму 2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы расмий сапары учурунда кабыл алынган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X