Аймактардагы ишкерлерге колдоо көрсөтүлөт

13-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 20

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) менен биргеликте Баткен, Ош, Жалал- Абад, Талас, Ысык- Көл, Нарын облустарында чакан жана орто бизнес өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү.

Бул жолугушуулардын башкы максаты — өлкөбүздүн алыскы тоолуу аймактарындагы ишкерлер үчүн маанилүү болгон орчундуу маселелерди талдоо. Жолугушуулардын жүрүшүндө чакан жана орто бизнес чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү, аймактарды жана өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча жалпы ойлор айтылып, алгылыктуу сунуштар каралды, деп Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууларда ишкерлер актуалдуу жана көйгөйлүү маселелер тууралуу билдиришкен. Айтсак, бизнести түптөөдө жана аны өнүктүрүүдөгү каржы маселеси, жер тилкелерин трансформациялоо, жүк ташуу, өндүрүлгөн продукцияны сатуу, энергетикага, жергиликтүү бюджеттин каражаттарына, жергиликтүү бийлик органдарына байланыштуу маселелер көтөрүлгөн.

Ишкерлердин айтымында, ветеринардык инспекция, ижарага берилген талаш- тартыш жайыт жерлер кыйынчылык жаратып келет. Документация боюнча бюрократиялык тоскоолдуктардын орун алып, аймактардан борбор шаарга чейин келүүгө туура келет.

«Аймактарды өнүктүрүү фонддоруна тоо-кен иштетүүчү компаниялар тарабынан түшүп жаткан каражаттарды натыйжалуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул каражаттарды аймактардагы ишкердикти колдоо жана жаңы жумушчу орундарын түзүү үчүн колдонуунун зарылдыгы ишкерлер тарабынан белгиленди. Мындан тышкары, ишкерлер каржы маселелери боюнча сабаттуулугун жогорулатууну шарттаган тренингдерди уюштуруу керектигине да токтолуп, мындай сабактар аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын туура пайдаланууну үйрөтөт эле деген каалоолорун билдиришти. Бул иш- чаралар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн бизнес коомчулугу жолугушуусун улай өткөрүлдү. Өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун алдына инвестициялык климатты жана республикадагы бизнес- чөйрөнүн абалын жакшыртуу милдеттери коюлду»,- деп жазылат маалыматта.

Жолугушуу учурундагы айтылган сунуштар, ишкерлерге көмөк көрсөтүү жана аймактардын экономикасын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча келечектүү пландарды иштеп чыгуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынат жана каралат, деп билдирет Президенттин Администрациясы.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X