АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ АКИМДЕР МЕНЕН АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРДҮН РОЛУ

Аймактардын ички экономикалык туруктуулугун арттыруу, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү көп учурда жергиликтүү бийликтин, тагыраагы район акимдери менен айыл өкмөттөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу экени белгилүү. Бирок, өлкөбүздөгү айрым аймактарда айыл өкмөттөрү дотациялык абалдан чыга албай, экономикалык жактан өз алдынча өнүгүүгө жетише элек. Башкача айтканда, мамлекеттик бюджеттин колдоосуна гана таянып келген учурлар дагы деле бар.

Казынага ири киреше алып келген Кумтөр кенин эсепке албаганда, өлкөнүн негизги финансылык жүгүн көбүнчө Чүй облусу, Ош облусу жана Бишкек шаары тартып келатканы да жашыруун эмес.

Маалыматтарга караганда, учурда Кыргызстанда ири тоо-кен өндүрүшү жок эки облус бар. Алар Ош жана Баткен облустары. Бул аймактарды колдоо максатында өкмөт тарабынан жыл сайын атайын фонддорго 50 миллиондон 100 миллион сомго чейин каражат бөлөт. Андан тышкары өлкөдөгү 25 районду өнүктүрүүгө жалпысынан 700 миллион сом каралып, ар бир районго орто эсеп менен 20 миллиондон 40 миллион сомго чейин каражат берилери белгилүү. Мунун натыйжасында райондордун курамындагы ар бир айыл өкмөткө болжол менен 5 миллион сомго чейин өнүктүрүү каражаты бөлүнүп калат.

Мындан тышкары, Баткен облусуна өзгөчө макам берилгенине байланыштуу жыл сайын аймакты өнүктүрүүгө 500 миллион сом каралса, Нарын облусуна да Кумтөр долбоорунун алкагында жыл сайын 500 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт.

Өкмөт өз учурунда жергиликтүү жетекчилерге “конкреттүү долбоорлорду сунуштагыла, бизнес-пландарды иштеп чыккыла, жаңы жумуш орундарын кантип түзөбүз деген сунуш-пикирлериңерди айткыла, аймактарга инвестиция тартуу боюнча аракет кылгыла, өкмөт ар бир негиздүү сунушту колдоого даяр” — деп бир нече жолу билдиргени бар.

Бир чындыкты моюнга алышыбыз керек, миллиондогон акчалар берилип жатса да айрым аймактардын бүгүнкү абалы 30 жыл мурда кандай болсо, дээрлик ошол бойдон өзгөрүүсүз турганында. Башкача айтканда, мамлекеттик колдоого гана таянып, өз алдынча экономикалык демилгелерди көтөрүү жетишсиз болуп жаткандай. Жок дегенде ошол аймактарда кылымдардан бери өндүрүлүп келе жаткан айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча олуттуу аракеттер көрүлгөн жок десек да жаңылышпайбыз.

Ар бир региондун өзүнө жараша табигый жана географиялык мүмкүнчүлүктөрү бар. Айрым аймактарда мал чарбачылыгы өнүксө, айрымдарында дыйканчылык негизги тармак болуп эсептелет. Мисалы, Баткен облусу өрүк өстүрүү менен белгилүү болсо, Ысык-Көл жана Нарын облустары балык жана эт чарбачылыгы менен, ал эми Талас облусу төө буурчак өндүрүү менен айырмаланат. Эми бул салыштырып айтканда, болбосо бардык эле облустардагы элдин негизги тирилиги ушул багытта.

Эми суроо туулат, ушул тармактарды системалуу түрдө өнүктүрүп, өндүрүштү жолго коюп, продукцияны кайра иштетүүчү ишканаларды байма-бай ачып жаткан кайсы райондор бар? Эгер жакшы жыйынтык көрсөтүп жаткан аймактар болсо, бул абдан жакшы. Ал эми андай мисалдар аз болсо, анда район акимдери менен айыл өкмөттөрүнүн ишмердүүлүгү, алардын жасап жаткан иштери тууралуу коомчулукка ачык маалымат берип туруу зарыл. Биз ушул аракеттерибиз менен  кантсе да аймактык аткаруу бийлигинин башкы милдети болгон жергиликтүү маселелерди жеринде чечип, элге сапаттуу кызмат көрсөтүү аркылуу, элдин жашоо деңгээлин көтөрүп жаткандыгын билип, коомчулукка ооз толтура айтып же аракеттерине баам салып тургубуз келет. А сизчи? Сиздин деле оюңуз биздикиндей болсо керек.

Аз күн мурда МинКаб Төрагасы 2027-жылга чейин тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатында тоолуу райондордо конкреттүү натыйжаларга жетишүү керектигин баса белгиледи. Ушул иштердин айланасында 2030-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында “Эркин-Тоо” гезити аймактык жетекчилердин ишмердүүлүгүн коомчулукка ачык көрсөтүү жана жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтүү максатында ушул кадамдарды кылсак деген ниеттебиз. Негизги максат аймактардагы чыныгы абалды көрсөтүп, жетекчилердин ишине баа берүү аркылуу элге маанилүү маалыматтарды жеткирүү.

Мүмкүнчүлүккө жараша жеринде барып, аткарылып жаткан иштер менен таанышып, аудио-видео аркылуу суроо-жооп кылып келсек дейбиз. Болбосо, жасаган жумуштары тууралуу маалыматтарды редакциянын erkintoo777@mail.ru электрондук дарегине жолдоп коюшса да болот.

Төлөгөн Абралиев, Долоно айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы:

– Аймактык бийликте, айрыкча айыл өкмөттөрдө аймактагы элдин жашоо деңгээлин көтөрүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Айылдарды көтөрүү үчүн көптөгөн гранттар келет, проектилер болот, ошону пайдалана албаган айыл өкмөттөр толтура. Эң эле жөнөкөй нерсе, айыл чарба министрлиги тарабынан асыл тукум багытындагы малдарды көбөйтүү үчүн жасалма уруктарды бекер берген учурлар болгон, үрөндөр берилет, ошону барып алып келбеген, кызыкпаган айыл өкмөттөр болот. Көпчүлүгү жоопкерчиликтен, анын эртеңки аткарылышынан чочулап турушат. Учурда өкмөт тарабынан жакшы колдоолор болуп, сунуш-пикирлер, жазган проектилер болсо бергиле деп жатат.  Айыл өкмөт деген инвесторлорду издеп, проектилер менен иш алып барып, өкмөт эшигин кагып көп учурда ошол жакта жүрүш керек.

Нурадин Султанкулов, эксперт:

– Акимге караганда айыл өкмөт башчыларына аткара турган жергиликтүү маанидеги маселелер өтө көп жүктөлгөн, бирок алардын финансылык мүмкүнчүлүгү чектелген. Ар бир маселени чечүү үчүн тиешелүү суммадагы финансылык каражаттар талап кылынат. Ал каражаттар көпчүлүк учурда райондо, айыл өкмөттө жетишсиз. Акыркы учурда Президентибиз С.Жапаровдун тапшырмасы менен республикалык бюджеттен жана башка булактардан  аймактарды өнүктүрүүгө миллиарддаган каражаттар бөлүнүп жатат. Ошонун аркасында айыл турмушун көтөрүүгө аким, айыл өкмөттөрү тынымсыз изденип иштөөлөрү керек.  Ал  кызмат орундарына билимдүү, кесипкөй, татыктуу кадрларды алып баруу зарыл.

Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X