Айназик УРМАТ: “БИЛИМ ГАНА АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨТ”
Мекендешибиз Айназик Урмат Германияда бир жарым жылдан бери жашайт. Германияга Au-pair деген программа менен барган. Ал ушул тапта карылар үйүндө волонтёр болуп эмгектенет. Аны менен катар Германияда тиш дарылоо, стоматология тармагында окуп жатат. Айназик баштапкы жогорку билимди Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен алган.
Германияда бир-эки жыл өз багытыңды издөө – бул табигый нерсе
— Кыргызстанда мен туризм факультетинде тагыраагы, саякат, гид кызматы багытында окучумун. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде түрк тилин мыкты деңгээлде өздөштүрдүм. Билгениңиздей, туризм багыты көп тил билүүнү талап кылат эмеспи. Ушул себептүү Германияга тил үйрөнүп кайра эле мекениме кетем деген ой менен 6 айга келгем. Бул өлкө мага “өзүңдү издөөгө убакыт берүү” деген түшүнүктү үйрөттү десем жаңылышпайм. Бул жактан билимимди дагы да жогорулатууну чечтим. Ал эми Кыргызстанда мектепти бүтөр замат эле университетке кирүү керек деген түшүнүк жогору. Бул себептен улам көбү туура эмес, кесипти шашылыш тандап алышат деп ойлойм. Кесип тандоодо изденүү, багытыңды табуу, кесибиңе алгачкы даярдыкты камсыздоо өңдүү эреже, даярдоо курстары өнүксө абдан жакшы болмок. Мындай багыттоолор 18 жашка чыккан жаштар үчүн зарыл дейт элем. Ал эми Германияда болсо бир-эки жыл өз багытыңды издөө – бул табигый нерсе, эч ким сени шаштырбайт. Мага Германия ушул жагы менен абдан жагат. Адамдар өзүн табууга, өзүн угууга мүмкүнчүлүктөрү көп.
Тартип жана система иштейт
— Германиядагы жашоо ырааттуу тартипке жана системага байланган. Бул өлкөдө бардыгы өз убагында болот. Ошол эле транспорт, документтер, төлөмдөр өз мөөнөт убактысы так чегерилет. Ошол эле учурда адамдардын ички жылуулугу жагымдуу. Ооба, немистер сыртынан катуу тартипти карманган кишилердей көрүнүшү мүмкүн. Бирок алар абдан маданияттуу, сылык жана дайыма жардам берүүгө умтулган жарандар болушат. Көчөдө бейтааныш болсо да “Guten Morgen!” “Schönen Tag” деп турушат. Бул майда көрүнгөнү менен бири-бириң менен учурашуу, жакшы маанай каалоо немистердин кадимки адаттарына айланган. Германияга келгенимде бир окуя болгон. Мен бардык документтеримди жоготуп, ыйлап жолдо калгам. Бейтааныш экениме карабай, шаарга чейин коштоп келип, полицияга алып барып, мени менен кошо 3-4 немис чогуу жүргөн.
Карылар үйүндөгү жашоо
— Мен азыр карылар үйүндө кухняда мини-джоб болуп иштейм. Мини-джоб – бул мини-жумуш окуу, пенсия же негизги жумуш менен айкалыштырууга мүмкүндүк бере турган жумуш болуп саналат. Карылар үйүндөгү түзүлгөн шарттар жакшы. Ар бир кары адам өз бөлмөсү, медайымы менен камсыздалган. Бөлмөлөрү заманбап жана абдан таза. Германияда карылар үйүнө барган адамдарды “балдары таштап кетти” деп эч ким айыптабайт. Анткени, бул жерде мамлекеттик социалдык система жакшы иштейт. Карылар жаш кезде атайын Pflegeversicherung (кам көрүү, камсыздандыруу) төлөп турушат. Анын арты менен адам карыганда мамлекет жана адистер аларга 24/7 кам көрөт. Камсыздандыруу кары адамдардын өз үйүнө чакырса да мед. кызматкер барып кам көрөт. Бардык кызматтары акысыз. Бул жайдын имараты 3 кабаттуу. 1-кабатта кыймылы бар, акыл-эси ордунда, эмне кылганын билген, сүйлөшө алган, алдуу эле адамдар жашайт. Алар сейилдегени жана башка жактарга барышса болот. Ал эми экинчи жана үчүнчү кабаттарда кароого өзгөчө муктаж кары адамдар үчүн стационардык бөлүмдөр орун алган. Бул жерде аларга түнү-күнү медициналык жардам көрсөтүлөт. Эшикке өздөрү бирөөнүн коштоосу менен гана чыгышат.
Ар түрдүү тагдырлар
— Карылар үйүндө ар түрдүү тагдырдагы адамдар жашайт. Көптөрү, жакындарын жоготкондор, кээ бирлеринин балдары башка шаарда жашайт. Ар биринин өзүнүн тарыхы бар. Мен алардын айрымдарын угуп, жашоо тууралуу көп ойго батам. Алардын арасында орус, румын, украин, венгер улутундагылар бар. Турмуш курбаган, өмүрүн жумушка гана арнаган карылар да бар. Кыргызстанда карылар үйү маселеси өөн, уяттуу нерсе катары кабыл алынат эмеспи. Буларда болсо тескерисинче – кам көрүү формасындай кабыл алышат.
Өз өлкөмдө билим берүү жаатында иштөөнү каалайм
— Азыркы учурда менин жумуш күнүм ар түрдүү өтөт. Үч күн стоматологиялык практикада, эки күн окууда, ал эми дем алышта карылар үйүндө иштейм. Азыр мен Германияда медицина тармагында окуп жатам. Бирок, Кыргызстанга кайтып барганда билим берүү жаатында иштөөнү каалайм. Анткени, өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн башаты – сапаттуу билим. Сырттан караганда Кыргызстан акырындык менен өнүгүп жатат: жолдор оңдолуп, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Бул мени кубандырат. Бирок дагы эле эл аралык деңгээлде атаандаш боло турган билим системасы керек деп ойлойм. Ошондуктан кайтып барганда өз тажрыйбам менен билим берүүдө салым кошкум келет.
6 айлык ымыркайдан тарта тиш дарыгердин көзөмөлүндө
— Мен Кыргызстанда чоңойгом. Бизде стоматологиялык жардам ар дайым эле жеткиликтүү боло бербейт го. Андан кийин Германияга келип, стоматология багытында билим ала баштаганда, бул өлкөдөгү айырмачылыктарды айкын байкадым. Германияда дээрлик бардык адамдар медициналык камсыздандырууга ээ. Тишке байланыштуу көйгөйлөр жаралганда, көпчүлүк учурда дарылоо камсыздандыруу аркылуу жабылат. Бул жерде алдын алуу маданияты жогору өнүккөн: адамдар жылына эки жолу, эч кандай даттануусу болбосо да, тиш дарыгеринен текшерүүдөн өтүп турушат. Бул тажрыйба балдарга да тиешелүү. Тиштердин абалына эң эрте жаштан тартып көңүл бурулат. Алсак, 6 айлык ымыркайлар да дарыгердин көзөмөлүндө болот. Дарыгерлер тиштердин туура чыгып, жакшы өсүп жатканын байкап, мүмкүн болгон көйгөйлөрдү алдын ала аныкташат. Эгер ата-энеси камсыздандырылган болсо, балдар автоматтык түрдө камсыздандыруудан өтүп, стоматологиялык жардамды акысыз алышат. Бул жакта дээрлик ар бир аймакта тиш дарылоочу заманбап клиникалар бар.
Мээрим Бактыбек кызы