Айнура АСКАРОВА, ЖКнын экс-депутаты: «ӨЛКӨ ӨНҮГҮҮНҮН БАГЫТЫНА ТҮШТҮ»
Садыр Жапаров бийликке келгенден берки жылдар Кыргызстан үчүн бурулуш учурга айланды. Саясий системада өзгөрүүлөр жүрүп, экономикалык реформалар ыкчамдалып, ири инфраструктуралык долбоорлор башталды. Бул кадамдар чындап эле өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна салдыбы же али чечилбеген маселелер арбынбы? Ушул суроолордун айланасында Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясат таануу адиси Айнура Аскарова менен маектештик.
– Айнура Алмасбековна, Президент Садыр Жапаров учурдан пайдаланып, жаңы саясий элитаны түзүп кеткенге мүмкүнчүлүк түзүлдү деген пикирлер айтылууда. Келечек үчүн жаңы элитаны түзө турган мезгил келдиби?
– Бул пикир коомдо басымдуу айтылууда. Саясий элита — өзгөчө мүнөзгө ээ болгон, жогорку социалдык статусу бар, саясий бийликти колдонуп, ар кайсы маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан топту айтабыз. Президентибиздин акыркы кадрдык чечимдери жаңыланууга, жаңы элитаны сүрөп чыгарууга багыт алгандай… Министрлик кызматтарга жаш курагы 40-50нүн тегерегиндеги жаңы жүздөр дайындалды. Кыргызда “Күлүк күчүндө, тулпар тушунда” деген жакшы салыштыруу бар. Анын сыңары саясий системадагы жаңылануу ыкмасы – келечек үчүн жакшы кадрдык уютку болот деген ишенимдемин. Көп учурларда регионалдык, партиялык, кландык ж.б кызыкчылыктардын негизинде кадрлар тандалып келгенин билебиз. Бул ирет кесипкөйлүккө, таза репутацияга басым жасалгандай.
– Президент элге кандай башчы болду?…
– Президент Садыр Жапаров берген убадаларын кезеги менен ишке ашырып келе жатат. Инаугурацияга ошол кездеги эл өкүлү катары катышканмын. Президенттин так, чечкиндүү, кесе айткан сөздөрү бүгүн да эсибизде. Айрыкча, “Мамлекеттин жана элдин тагдыры үчүн бүткүл жоопкерчиликти жеке өзүмө алам” деген сөзү жүрөккө кыттай уюган.
Президент баштаган беш жыл ичинде Кыргызстан дээрлик бардык тармакта олуттуу секирик жасады. Конституциялык реформа, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү, административдик-аймактык реформа, коррупция менен күрөш, улуттук экономиканын модернизациясы, социалдык саясат, чек ара маселелеринин чечилиши, криминалга каршы күрөш, коргонуу кубаттуулугун чыңдоо, көп векторлуу тышкы саясат — булардын баары комплекстүү жүрдү.
Мени таң калдырганы — президентибиздин коркпой-үркпөй, тайсалдабай бир эле учурда бир нече ири реформалык долбоорлорго старт бергени болду. Бул чоң тобокелчилик, күчтүү саясий эрк.
– Президент буга чейин чечилбей келген кайсы иштердин өтөөсүнө чыга алды деп ойлойсуз?
– Өтө кооптуу, өтө татаал маселелердин өтөөсүнө чыга алды. Алардын эң башкысы — кыргыз-тажик чек ара маселеси. Эл өкүлү кезимде Баткенге көп бардым. Ыйлаган, чарчаган, үмүтү өчкөн жүздөр, бейкүнөө өлүмдөр, суунун тартыштыгы, оор турмуш… Шахмат тактасындай аралаш жайгашкан айылдар, өрттөнгөн Максат, Достук, Көк-Таш сыяктуу кыштактар азыр да көз алдымда.
40 градус ысыкта чатырда жашаган эл, бир үй-бүлөдөн бир да документ, бир да сүрөт калбаган тагдырлар… Ошол учурларда өзүмдү жоготуп, токтоно албай ыйлаган күндөрүм эсимде. Кыйын, чиеленген сүйлөшүүлөрдөн кийин ок атышуулар токтоду, үмүт жанданды. Бул — кыргыз элинин эң чоң утушу болду.
Кыргыз-өзбек чек арасы да эки тараптуу чечилди. “Кошунаң тынч болсо, сен да тынчсың” деген накыл кеп бекеринен айтылган эмес. Дүйнөдөгү чыр-чатактардын 80–90 пайызы чек арадан тутанарын эске алсак, бул маселелердин чечилиши мамлекеттин өсүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Экономикалык жактан да олуттуу утуштар болду. Кумтөрдүн мамлекетке кайтарылышы, ИДПнын тарыхта биринчи жолу триллион сомдук чекке жетиши — мунун баары системалуу саясаттын жыйынтыгы.
– Криминал менен күрөшүүдө жыйынтык болдубу?
– Президенттин командасы чоң тобокелчиликке барышты. Криминал көп жылдар бою ишкерлерди, мамлекеттик түзүмдөрдү чырмап келген. Бул күрөш ишкерлер үчүн гана эмес, бүтүндөй мамлекеттик башкаруу институту үчүн чоң жетишкендиги болду.
– Коррупцияга каршы күрөш жемишин бердиби?
– Бул жерде Сингапурдун тажрыйбасы эске түшөт. Ли Куан Юнун саясий эрки, мыйзамдын үстөмдүгү, темирдей тартип жана тууган-урукка да карабаган принципиалдуу позициясы өлкөнү өзгөрткөн. Кыргызстандын коррупцияга каршы күрөшү да дал ушундай жолго түшүп бараткандай… Бул күрөш бүгүн-эртең бүтпөйт, бирок келечекте өз жемишин берет деп ишенели…
– Чет элдик эксперттердин оң баасы — чыныгы жетишкендикпи?
– Саясат таануу багытында жүргөн адам катары Борбор Азиядагы процесстерди анализдесек, Президент Садыр Жапаровдун регионалдык интеграциядагы саясаты өзгөчө колдоого алаарлык. Кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик, кыргыз-казак алакалары Борбор Азиянын жалпы позициясын бекемдеди.
Суу ресурстары, Камбар-Ата ГЭСтери, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу — бул долбоорлор Кыргызстандын таасирин арттырат. Борбор Азияга Батыш да, Чыгыш да кызыгуу менен карап калды.
КМШдан Европа Экономикалык Кеңеши, кыргыз-орус, кыргыз-түрк мамилелери, Кытай менен жемиштүү алакалар — Кыргызстан сыяктуу кичинекей өлкө үчүн жакшы жетишкендик. Бардык алакада жогорку деңгээлдеги саясий диалог болгонуна күбөбүз.
– Элдин турмушу оңолдубу?
– Элдин жашоосу идеалдуу болуп кетти деп айта албайбыз. Бирок эң оор, стратегиялык маселелер чечилди. Азыркы эң чоң көйгөй — кымбатчылык. Аймактарда карапайым эл кыйналып жатат. Реалдуу секторду, дыйкандарды, жеңил өнөр жайды колдоо зарыл. Министрлер Кабинети бул багытта дагы күчтүү аракеттерди көрүшү керек.
– Ажобуздун беш жылдык башкаруусуна саресеп салганда, ушундай маанилүү мезгилде Биринчи айым Айгүл Жапарованын иш-аракети, аялдык, жубайлык жана энелик ролу жөнүндө кандай пикирдесиз?
– Кыргызда “Аял жакшы, эр жакшы” деген жакшы сөз бар. Бул терең түшүнгөн адамга уюткулуу ойду берет. Менин пикиримде, Биринчи айымыбыз кыйын учурларда жолдошунун жанында болуп, колдоп, коргоп чоң сыноону кошо көтөрдү. Бул бардык эле айымдын колунан келе бербеген иш. Токтоо, бир калыпта, ашыкча эмоциясын билдирбеген мыкты айым деп билем. Баскан турганы, бой-келбети, кийингени, минимализм менен жүргөнү, табигый аялдык сапаттары миңдеген кыргыз аялдарына үлгү. Жеке мага кээде жолдошунун артында туруп колдоо көрсөтүшү, кээде жолдошуна таянып, ыйбаа кылып, назик, илбериңки, ошол эле маалда көрөгөч жана көсөм жүрүшү жагат. Чоң энем айтчу эле: “Аял киши айга колу жетсе дагы тастаңдабайт, күйөөсүнөн ыйбаа кылат” — чоң энемдин бул сөздөрүн эстей берем.
Дүйнөлүк саясатта ар бир Биринчи айымдын жашоосу эл үчүн кызыктуу. Черчиллдин жубайы Клементина, Обаманын айымы Мишель, Мехрибан Алиева ж.б. тууралуу кызыктуу фактылар бар.
Бир атактуу окуя бар: Черчилль Клементина экөө Лондондун көчөсүндө сейилдеп жүрүшкөндө, бир короо кайтаргыч Клементина менен сүйлөшкүсү келет. Черчилль сурайт: “Эмнеге сени менен сүйлөшкүсү келет?” Клементина жооп берет: жаш кезде ал мени жакшы көргөн, дейт. Көрдүңбү, ушуга турмушка чыксаң короочунун аялы болмоксуң дейт. Клементина болсо: “Жок, короочу премьер-министр болмок” — деп жооп берген экен.
Биздин биринчи айым дагы өмүрлөшүн колдоого алган, үлгүлүү сапаттарга бай мыкты айым.
Эң башкысы бул беш жыл — Кыргызстан үчүн сыноолорго бай, бирок тарыхый мааниси зор мезгил болду. Алдыда чечиле турган маселелер дагы көп. Бирок өлкө өнүгүүнүн туура багытына түштү деп ишенимдүү айтууга негиз бар.
Чынайым Кутманалиева