Айпери Медет кызы Албаниядагы эл аралык беттеште алтын медаль утту

2-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89

Айпери Медет кызы Тирана шаарында (Албания) өткөн MUHAMET MALO–2026 эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медалга ээ болду.

28-февралда 76 кг салмак категориясында килемге чыккан Айпери Медет кызы мелдеште алгач казакстандык Гулмарал Еркебаеваны 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди. Чейрек финалда болгариялык Ванеса Георгиеваны 10:0, жарым финалда түрк спортчусу Элмира Ясинди 14:0 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Чечүүчү кармашта ал дүйнөнүн учурдагы чемпиону, эквадорлук Генесис Реаско Валдезди 5:4 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, эки балбан 2025-жылкы дүйнө чемпионатынын финалында да беттешип, жеңиш эквадор спортчусуна тийген. Бул жолу Айпери реванш алып, рейтингдик турнирдин жеңүүчүсү болду.

2-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X