Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында күрөшөт
Күрөш боюнча 2023-жылдагы Азия чемпионаты Казакстандын Алматы шаарында 9-апрелде башталат. Анда жалпысынан 10 топтом медаль ойнотула турганы белгилүү болду.
Ал эми кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча турнир 11-12-апрелде өтөт.
Кыргызстандын курама командасы:
— 57 кг чейин Бермет Нурдин кызы;
— 59 кг чейин Калмира Билимбекова;
— 62 кг чейин Айсулуу Тыныбекова;
— 65 кг чейин Дилназ Сазанова;
— 68 кг чейин Мээрим Жуманазарова;
— 72 кг чейин Нурзат Нуртаева;
— 76 кг чейин Айпери Медет кызы;
— башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков;
— улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев.