Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына катышат

23-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Спорт 26

“ Кудай буйруса, ден соолукта болсом, Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышам. Алтын медаль алууга болгон күчүмдү жумшайм. Бардыгыңыздардын колдооңуздарга жана ишенимиңиздерге ыраазычылык билдирем”, — деди күмүш медалынын ээси  Айсулуу Тыныбекова Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземинин жүрүшүндө.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынды. Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырса, ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Кыргызстандан ХХХII жайкы Олимпиада оюндарына 16 спортчу барган.

23-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Спорт 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X