Айсулуу Тыныбекова сыйлык тапшыруу аземине ата-энеси менен келди

23-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Спорт 17

Жапонияда өткөн Токио -2020 олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова президент Садыр Жапаровдун Токиодогу Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине ата -энеси менен чогуу келди. Бул тууралуу Facebook тармагынын колдонуучусу Нурпери Садырбекова билдирди.

Сүрөт Өкмөт үйүнүн алдында тартылган.

Эске сала кетсек, олимпиадачыларды сыйлоо аземи бүгүн мамлекеттик резиденцияда болот.

23-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Спорт 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X