Айсулуу Тыныбекованын Олимпиада оюндарындагы атаандаштары аныкталды
Айсулуу менен бирге Олимпиада оюндарында 62 килограмм салмак ченинде 15 балбан кыз күч сынашмай болду. Эскерте кетсек 7-май күнү Болгариянын борбору София шаарында «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына акыркы дүйнөлүк лицензиялык турнир болуп өтүп, анда жалпы 2 лицензия ойнотулуп, аны монголиялык Хурелхуугини Болортуяа жана орусиялык Любовь Овчарова жеңип алышты. Эми балбан кыздар 2-август күнү чүчү кулак кармашып, өз атаандаштарын аныкташат.