Айсулуу Тыныбекованын жеңиштен кийинки маеги — ВИДЕО

6-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 18

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын маеги Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Youtube каналына жарыяланды.

«Олимпиада оюндарынан кийин бир айга чукул машыккан эмес элем. Аны машыктыруучуларым да байкашты, бирок ага карабастан колдоп турушту. Бүгүнкү жеңишим менен өзүм үчүн тарых жаздым», — дейт Айсулуу Тыныбекова.

Эске салсак, кечээ, 5-октябрда Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалында америкалык спортчу Кайла Мираклды 7:0 эсеби менен жеңип, экинчи ирет дүйнө чемпиону болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X