Айтуучулук – салттуу маданиятты алып жүрүүчүлөр

28-март, 2022-ж. / Редакция / Маданият 52

Өткөн жума аягында “Манас жана Ч.Айтматов” академиясынын директору Талантаалы Бакчиев журналисттерди чакырып, жасалып жаткан иштери жана алдыңкы беш жылга программасы жөнүндө айтып, ойлору менен бөлүштү.

Алар Чыңгыз Айтматов түптөп кеткен эл аралык “Ысык-Көл форумун” жаңы форматта өткөрүү үчүн аракет кылып жатышыптыр. Алардын быйыл боло турган негизги иш-чарасы – Бишкекте жана Ысык-Көлдө өтө турган айтуучулардын туруктуу форуму болот. Аны Кыргызстанда туруктуу өткөрүп алууга аракет кылып жатышыптыр. Туруктуу форумга айтуучулар, дастанчылар жана манасчылар катышат. Бул эл аралык чоң форумга беш чет өлкөдөн жана Россиядан хакас, татар, тибет, ингуш, саха, калмак, кыпчак, монгол, бурят өңдүү айтуучулук өнөрдү алып жүргөн адамдар келишет. Андан сырткары, “Жандуу Манас угузуу”, “Манастын изи менен” долбоорлору бар. Манаска байланыштуу жер-суу аттарынын картасын чийип, аянтка стелла тургузууну максат кылышыптыр. Аянттагы “Манас” эстелигинин алдында эртең менен түштө, кечинде Манас жаңырып турса деген тилектерин ишке ашыруу үчүн бийликтегилерге коңгуроо кагышкан экен, жакында ал ишке ашат. Бир кезде Жоомарт Кадыралиев “Манас” эстелигинин алдына Каныкейдин, Манастын 40 чоросунун эстелигин орнотуу боюнча долбоор түзгөн, бирок аны эч ким кабыл албай койгон. Убакыт өтүп ал долбоор Кытайда пайда болгон экен. Бирок анын макети дагы эле даяр турат, балким муну да ойлонуп көрүшөөр.
“Манас” боюнча анимациялык кино тартуу планыбызда бар, аны “Тентек” киностудиясы менен сүйлөшүп жатабыз. “Манаска” байланыштуу китептерди чыгарабыз. Акыркы жолу 2012-жылы манасчылар жөнүндө китеп чыгыптыр, андан берки манасчыларды, дастанчыларды, төкмө акындарды кошуп, өзүнчө китеп чыгарабыз. “Эр Төштүк” боюнча чоң изилдөө жүргүзүп жатабыз. Арак-шараптарга коюлуп жаткан “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” аттарын эми биз көзөмөлдөйбүз. Бюджеттен бөлүнүп жаткан акчалар жакшы эле экен. Мурда бөлүнгөн акчалар имаратты кармоого жана башка максаттарга кетип калыптыр. Биз анын багытын эми таптакыр өзгөрттүк. Буюрса, жакында бир топ иштердин жасалганына күбө болосуздар”, — деди Талантаалы Бакчиев.
Баса, “Манас жана Ч.Айтматов” академиясынан сырткары “Манас” театры жана “Манас” айылы иштеп жатат. Алардын баарына жаш манасчылар директор болуп дайындалышкан. Алар алдына көптөгөн жаңы максаттарды коюп, долбоорлорду жылдырышууда. “Манас” театрына 120 манасчы, дастанчы, төкмө акын штатка алынып, жакшы айлык ала башташты. Эми алар жер-жерлерди кыдырып, дастандарды, “Манасты”, айтыш өнөрүн жайылтып, элге жакын болушмакчы.

Сымбат Максутова

28-март, 2022-ж. / Редакция / Маданият 52
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X