Айыл өкмөттөрдө «Санарип аймак» системасы киргизилди

7-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 57

Учурда Кыргызстандын бардык айыл өкмөттөрүндө «Санарип аймак» автоматташтырылган системасы киргизилип, 1 775 269 жарандын маалыматы системанын базасына киргизилди.

«Санарип аймак» аркылуу аймактардын тургундары көптөгөн муниципалдык кызматтарды электрондук форматта ала алышат жана жергиликтүү бийликтин иши системалуу түрдө автоматташтырылмакчы.

Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана документтерди тапшыруу «Бирдиктүү терезе» аркылуу жүргүзүлүп, социалдык, салык жана жер маселелери боюнча адистердин кызматтары көрсөтүлөт.

«Биз калктын ички миграциясын каттоону электрондук форматта гана киргизүүнү пландап жатабыз. Башкача айтканда, айылдын ар бир тургуну үчүн электрондук журнал түзүлүп, анын жеке маалыматтары, үй-бүлөсүнүн курамы, кыймылсыз мүлкү, транспорту, чарба-малы жөнүндө жазылат. Мунун баары калк үчүн маалымат каттардын кагаз түрүн алып салууга мүмкүндүк берет, анткени мамлекеттик органдар керектүү маалыматты «Түндүк» аркылуу ала алышат», — дейт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев.

Бүгүнкү күндө бул система аркылуу маалымат алмашуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен түзүлдү. Ошондой эле, айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган үй-бүлөлөрдүн курамы жана мүлктөрү боюнча чарба китебинин электрондук варианты түзүлдү.

Бардыгы болуп 484 жергиликтүү органдар системага кошулуп айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери тарабынан 521 793 кожолук катталган.

 «Санарип Аймак» системасы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыкты.

7-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X