Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков: «Азык-түлүк боюнча кооптонууга негиз жок»

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 54

Жакында 10-марттан 31-августка чейин Орусия Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салган чечиминен кийин базарларда, айрым соода түйүндөрүндө кээ бир азык-түлүккө болгон баалардын жогорулашы байкалган. Мындай түзүлгөн кырдаалга өлкөбүздүн Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков төмөнкүдөй жооп берди.

— Орусия, Украина кырдаалынан улам өлкөбүздө азык-түлүк маселесинен тартып жазгы айдап-себүү иштерине тоскоолдуктардын жаралуу коркунучу ар бир мекендешибизди кооптондуруп жатканын мен түшүнүп турам. Мындай кырдаалга туруштук берүү максатында Министрлер Кабинети тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Учурда биздин министрлик тарабынан дагы түзүлгөн кырдаалга карата бир топ иштер аткарылып жатат. Мисалы, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн жазгы талаа иштери үчүн жумшала турган күйүүчү майдын 72 пайызы даяр. Жазгы талаа иштерин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн өткөн жылдын декабрь айында Нефтетрейдерлер бирикмеси менен макулдашуулар түзүлгөн. Тактап айтсам, жазгы айдап-себүү иштерине 41 миң тонна дизель, 10 миң тонна бензин даяр.

Мурдагы жылдары ирригацияга 224 миллион сомдун тегерегинде бөлүнүп келген болсо, быйыл ажобуз Садыр Жапаровдун колдоосу менен бир миллиард жүз миллион сом бөлүндү. Бул былтыркыга салыштырганда алты эсе көп. Демек, дыйкандар сугат суу менен толук көлөмдө, өз убагында камсыз болушат деп ишенимдүү айта алам.

— Аскарбек Сапарбекович, акыркы күндөрү ун, кумшекер, өсүмдүк майына болгон баалардын өсүшү, базарлардан жана айрым соода түйүндөрүнөн аларды элдин талап алып жатышы кооптондурууда. Өлкөнүн азык- түлүк кору кандай?

— Бүгүнкү күндө ун, кумшекер, өсүмдүк майына байланыштуу тартыштык жок. Өлкөдө ун чыгарган 31 ишкананын кампаларында кеминде 60 миң тоннадан ашык буудай сакталып турат. Кампаларда үч айдан беш айга чейин жете турган өсүмдүк майы жана кумшекер бар. Мындан тышкары мамлекеттик материалдык резервдик фонддун кампасында да бул азыктардын жетишээрлик кору бар. Андыктан бул азыктар боюнча тынчсызданууга негиз жок.

Кыргызстанда бир жылда 750 миң тонна буудай керектелет. Өткөн жылы 200 миң тоннага жакын буудай, 70 миң тонна ун импорттолгон. Өлкөдө 800 миң гектарга жакын айдоо аянты бар. Кыргызстан өзүн картошка (123%), сүт (132%) жана жашылча-жемиш менен камсыздайт. Бүгүнкү күндөгү айрым мекендештерибиздин ызы-чууга алдырып ашыкча азык-түлүк сатып алып жатышкандары баанын кескин өсүп кетишине шарт түзөт. Муну менен алар алып сатарларга эле жол ачып берип жатышат. Учурдан пайдаланып мен жарандарыбызга баса белгилеп айтаар элем. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда азык-түлүктүн бардык түрү боюнча кооптонууга негиз жок. Ошондуктан керектүү азык-түлүктү ченеп эле алышса болот. Импорттолуп келип жаткан азык- түлүктөргө деле андай тоскоолдуктар жок.

№26 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-марты
Разия Жоошбаева

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X