Айыл чарба жарманкелериндеги бааларга көзөмөл жүргүзүлдү
Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан айыл чарба жарманкесине барып, анда коюлган азык-түлүк товарларынын баалары менен таанышты. Айрыкча эт азыктарынын баасына көңүл бурулуп, жарманкеде эттин бир килограммы 600–680 сомдон сатылып жатканы белгиленди.
Жарманкенин жүрүшүндө жергиликтүү өндүрүшчүлөр менен жолугушуулар болуп, алардын ишмердүүлүгүндө кездешкен көйгөйлөр жана сунуштар угулду. Жарманкелер ортомчуларсыз түз сатуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, калкты жеткиликтүү баада азык-түлүк менен камсыздоого шарт түзүп жатканы айтылды.
Мындан тышкары, эт багытындагы кой чарбасын өнүктүрүү жана фермерлерди тоют менен камсыз кылуу маселелерине байланыштуу тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле аймактарда уюштурулуп жаткан айыл чарба жарманкелеринин абалы видеобайланыш аркылуу каралып, жергиликтүү жетекчилерге азык-түлүк бааларын туруктуу кармоо, соода жайларын иретке келтирүү жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча милдеттер коюлду.