Айып короосундагы 4 унаа өрттөнүп кетти
Бишкектин Чокан Валиханов көчөсүндөгү республикалык МАИ кызматынын айып короосунун унаа токтотуучу жайында 4 жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда:
1. Ауди-80 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн;
2. Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн;
3. Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткычы күйгөн;
4. Мицубиси үлгүсүндөгү унаанын сол бампер жагы күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.