Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаев 2 жыл мурун бир кызга ыдык көрсөткөн
Бул тууралуу ыдык көргөн кыз өзү ММКлардын бирине берген маегинде айтып берди. 2019-жылдын май айында Замирбек тарабынан муунтулуп, Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазган кыз учурда Россияда. Ал иш тосмо арыздын негизинде милиция тарабынан жабылганы белгилүү болду. Ыдык көргөн кыз анда милицияга Замирбектин оорулуу экендигин айтып, ага чара көрүүсүн өтүнгөнүн билдирген. Бирок, курбу кызынын өтүнүчү менен тосмо арыз жазып берүүгө мажбур болгон.