Айзада Канатбекованын киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган милиция кызматкерлери жазаланды
Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.
Жазаланган милиция кызматкерлери:
• Аламүдүн РИИБдин жоруктар бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенанты А. Экеевге катуу сөгүш жарыяланды;
• Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жетекчиси, милициянын майору К. Самаевге катуу сөгүш жарыяланды;
• Аламүдүн РИИБдин Криминалдык топту коштоп жүрүүчү инспектор-криминалист, милициянын капитаны М. Янванчиновго кызматына дал келбестиги боюнча эскертүү алды.